Пайгамбардын үйүндө бир күн

Баарыбызга үлгү болчу пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өмүр жолун билүү ар бир мусулмандын милдети. Мына ушуну эске алып, кыска, бирок так, даана жана маанилүү жазылган “Аллахтын элчисинин үйүндө бир күн” аттуу китепчени сунуш кылабыз. Китепте пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) асыл сыпаттары, кулк-мүнөзү, ибадаттары, коомдук жана үй-бүлөлүк мамилелери ж.б. ачык-айкын сүрөттөлгөн.


Пайгамбардын үйүндө бир күн

[ قرغيزي–  Kyrgyz – Кыргызча ]
    
        
Абдул Малик ал Касым





Которгон: Алайчы Сейитбеков
Шилтемелер : Кыргыз тили команда жайгашкан Дар-ул-Ислам

يوم في بيت الرسول

    
    
عبد الملك القاسم





ترجمة: آلايتشي سعيدبيكوف
مراجعة: فريق اللغة القرغيزية في موقع دار الإسلام


Кириш сөз
Оболу, элчисин туура жол жана акыйкат дин менен жиберген Аллахка мактоо айтылсын.
Ааламды ырайымына бөлөө үчүн жиберилген, пайгамбарлардын акыркысы жана төрөсү Мухаммад пайгамбарыбызга Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана ырайымы болсун.

Андан соң:
Кийинки учурда эки түрдүү адамдарды көрчү болдум: кээлери Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аша чаап кетишкен, кээлери ага жеткиликтүү маани бербей калышкан. Тагыраак айтканда, аша чапкандар Аллахтын элчисине (ага Алхтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сыйынууга чейин барышып, ага дуба кылып, андан жардам сурап, жакшы-жаманды андан үмүт кылган чекке жетишти. Ал эми маани бербегендер болсо, анын өмүр жолу, анын диндеги орду тууралуу кабары жок, жашоосунда аны өрнөк кыла албай жүрүшөт.
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өмүр жолуна, баскан изине кызыгып, аны эл-журтка жеңил, түшүнүктүү ыкма менен жеткирүүнү ниет кылдым, бирок, мобуреки бир канча баракка бүтүндөй бир өрнөктүү өмүрдү батыра алгыдай эмесмин. Ошондой болсо да, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) адамдардын жашоосун түп тамырынан өзгөртө алчу асыл сыпаттарына токтолуп, мына ушундай баалуулуктарынын ар бирине эки-үчтөн хадис жазып өтүүнү эп көрдүм. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жашоосу – үгүт, үлгү жана тартип. Ал Аллахка баш ийүү жана ибадат кылууда кулдай болуп, мүнөзү керемет, мамилеси укмуш, даражасы бийик. Ага Аллах Тааланын: "Сен аябай көркөм мүнөздүн ээсисиң" деген мактоосу куп жарашат.
Ахлу сунна вал жамаьа пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Аллах Таала жайгаштырган орундан жогору көтөрбөйт, ылдый да түшүрбөйт. Ал – Аллахтын кулу, элчиси, сүйүктүүсү. Аны ата-баба, бала-чака, ал тургай өзүнүн жанынан да артык көрүүнүн зарылдыгын моюндайт. Бирок, аша чаап, пенделик даражасын өзүнө ылайыктуу ордунан ашырып жибербейт.
Бул жаатта биз пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) болгону аны Аллах буюругандай сүйөбүз, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) буйруган ишти аткарабыз, ал тыюу салган иштен тыйылабыз.
Жашоодогу негизги максатыбыз пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жолугуп, анын колунан бейиш булагын ооз тийүү. Бассам-турсам Аллахка жалынып, пайгамбарыбыздын төмөнкү хадисинде айтылгандардын катарында болуп калууну дуба кылам. Ал хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Бир туугандарымды сагынып, санаага баттым" - деп айтат. Сахабалар: А, биз, сиздин бир тууганыңыз эмеспизби? - деп сурашат. "Силер менин жолдошторумсуңар, ал эми бир туугандарым кийинчерээк келишет" - деп жооп берет пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун). Кийин келчү бир туугандарыңызды калың элдин арасынан кантип тааныйсыз? - дешет сахабалар. Анда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Бир үйүр жылкынын арасындагы ак туяк, кашка атты жылкычы кантип тааныбасын, менин бир туугандарым да дааратта жууган жерлери нурданып жаркырап келишет, мен аларды Хавз булагымдын жанынан тосуп алам..." – деп жооп берет.
Аллах Таалага жалбарып, бизди пайгамбардын изи менен басып, өмүрүн өрнөк кылып, сүннөттүн бекем кармана турган адамдардан кылуусун дуба кылдым. Ошондой эле, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) менен бирге "Адн" бейишинде бирге болуп, сооптуу сыйлыктарга ээ болууну тилеймин. Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана жоро-жолдошторуна Аллахтын тынчтыгы, мээрими жана ырайымы төгүлсүн.
Абдул Малик бин Мухаммад бин Абдурахман ал-Касым

Зыярат
Жакында тарых барактарын барактап, өткөн кылымдарга саресеп салабыз. Тамгаларга жолдош, сөздөргө шерик болуп сүйүктүү пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үйүнө зыярат кылып барабыз. Үйүнө баш багып, абалын сурайбыз, осуяттарын угабыз, анан анын үйүндө бир күн туруп жашообузга өрнөк, үлгү алып көңүлүбүздү нурлантып кайтабыз.
Китеп, кино, телефон аркылуу батыш менен чыгышты кыдырып саякат кылган адамдар толтура. Ал эми бизге пайгамбардын үйүн зыярат кылып, напсибизди тарбиялап, үлгү-өрнөк алуубуз тигилерге караганда зарылыраак эмеспи!?

Мусулман бир тууганым:
Биз карып калган кылымга кайтып, өтүп кеткен жылдарды казып, көздөн кайым болгондорду изилдеп отурбайбыз. Биз пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өмүр жолун окуу, сүннөттүн ээрчүү менен ибадат кылып Аллахтын буйругун аткарабыз. Аллахтын сүйүктүү элчисине сүйүүбүздү арттырабыз. Аны сүйүүнүн негизги белгиси, буйруганын аткаруу, тыйганынан тыйылуу.
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) баш ийип, ишти ал айткандай аткаруу биздин ыйык милдетибиз экенин Аллах Таала минтип баяндайт: "(Оо, Мухаммад): "Эгер (Аллахты сүйсөңөр, анда мени эрчигиле. (Ошондо) Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу" деп айткын".  Дагы бир аятта минтип айтат: "(Ой, ыймандуулар! Аллахтын элчисинде силерге сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп эстегендер үчүн".
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) баш ийүү жана аны эрчүү тууралуу Куранда кыркка жакын жерде айтылган.  Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) эрчимейинче жашоодо ийгилик, ибадатта бактылуулук болбойт. Бул тууралуу Куранда минтип айтылат: "Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, аны түбүнөн дарыялар агып турган бейишке киргизет, анда түбөлүк калат. Мына бул – чоң жеңиш. Ал эми кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине күнөө кылса жана Аллахтын чектеринен чыгып кетсе, аны түбөлүк кала турган тозокко киргизет. Аны кор кылуучу азап бар".
Ыймандын даамын татуу үчүн өзүн сүйүү зарыл экендигин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип эскертет: "Кимде төмөнкү үч сыпат болсо, ал ыймандын даамын татат: Аллахты жана Анын элчисин баардык нерседен артыкча жакшы көрүү...".  Дагы бир хадисинде минтип айткан: "Менин жаным колунда болгон Аллахка ант берип айтамын, мени атасынан да, баласынан да артык көрмөйүнчө, силердин эч бириңер толук ыймандуу боло албайсыңар".
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өмүр жолу таза, ачык, андан таалим алабыз жана аны менен басабыз.

Саякат
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үйүнө саякат кылып, жашоо мүнөттөрүнө күбө болуп, мамиле, иштерине назар салуунун өзү эле эбегейсиз пайдалуу. Ал эми бул саякатка сооп-сыйлык үмүт кылып кадам таштасак, андан беш бетер жакшы эмеспи. Бул саякат үлгү жана өрнөк, умтулуу жана эрчүү. Бул саякат китептер жана сахбалардын алтын шилекейи аркылуу бизге жеткен кабарлардын үстүндө болмокчу. Чынында, пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үйүнө да, кабырына да жүк артынып саякат кылып барууга болбойт. Муну пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өзү эскертип, минтип айткан: "Харам мечити, менин мечитим жана Акса мечитинен башка эч кайсы мечитке атайын жүк артынып сапар кылып барууга болбойт".  Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтканына баш ийип, ушул үч мечиттен башкасына (атайын ибадат катары) зыярат кылбайбыз. Анткени Аллах Таала: "Элчи силерге эмнени айтса, ошону аткаргыла, эмнеден тыйса, андан тыйылгыла"  деп буюруган.
Биз пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) баскан жерлерин ыйыктап жибербейбиз. Ибн Вазихтин минтип айтканы бар: "Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алдында намаз окуган даракты кыюуга буйрук берип, кыйдырып салган. Анткени адамдар ошол дарактын түбүндө намаз окуй башташкан эле, ушундан кандайдыр бир адашуу башталып кетүүсүнөн чочулаган".
Шейхул Ислам (Аллах аны ырайым кылсын) Хира үңкүрү тууралуу буларга токтолгон: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлык милдет жүктөлгөнгө чейин Хира үңкүрүндө ибадат кылчу, кийин анда алгачкы аян, кабар түштү. Бирок мына ошол аян, кабар түшкөндөн кийин ал жакка такыр чыкпады, аны ыйыктабады. Өзү да, сахабалары да бул ишке барган жок. Пайгамбарчылык башталган соң Меккеде он жылдан ашуун жашап турду, бирок Хирага чыкпады, аны зыярат кылбады. Ошондой эле Меккедеги мусулмандар да мындай кылышпады. Мадинага көчүп кеткенден кийин да Меккеге бир канча жолу келди. Умра кылуу үчүн Худайбияга келгенде, Меккени колго алуу үчүн келгенде, ошондой эле Меккеде жыйырма күндөн ашуун жашап турган умра (кичи ажылык) сапарында да Хира үңкүрүнө басып барбады...".
Мынакей, биз пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) шаарына келип калдык. Тигине, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Биз аны, ал бизди сүйгөн тоо ушул"  деп айткан Ухуд тоосу көз алдыбызда чалкаят. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үйүнө дароо эле кирип барбай, алгач анын курулушуна карап көрөлү. Бул үйдүн кичинелигине, андагы буюм-теримдин жупунулугуна таң калбай эле коёлу. Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) дүнүйөгө кызыкпай, байлыкка көз артпай жупуну, жөнөкөй жашоо кечирген. Өзү айтмакчы: "Көз артканы намаз" болгон.
Дүнүйөгө берилбегенин анын дүнүйө тууралуу: "Мен өзүмдү жана дүнүйөнү, сапардагы адам менен бир түп даракка окшотом; ысык күндө жол жүрүп бара жаткан мусапыр дарактын көлөкөсүнө отуруп, бир аз эс алат да, аны калтырып сапарын улайт"  – дегенинен да баамдасак болот.
Мына, курма дарагынын бутактарын айкалыштырып, анан ылай менен шыбаган, кээ бир жерин таш менен тизип чыккан, үстү бутак-шак менен жабылган пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жубайларынын бөлмөсү. "Умардын  халифалык доорунда, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) бөлмөсүнө кирдим. Бөлмө кол көтөрсөң шыбына тийгидей жапыз экен", -  деп Хасан айткандай, бөлмөлөр чындап эле жапыз, жупуну экен, бирок ыйманга, ибадатка жана Куран аяттарына, хадистерге толуп, өзгөчө нурданып турат.


Пайгамбарыбыздын  сырткы келбети
Үйгө жакындадык,  эми кирүүгө уруксат сурап эшигин тыкылдатып көрөлү. Ооба, азыр бизди Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) адатынча жылмая тосуп чыкпайт. Бирок, аны менен табакташ, үзөнгүлөш, пикирлеш болуп жүргөн жан-жолдоштору бизге пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кулк-мүнөз, сын-сыпатын көзүбүз менен көргөндөй сыпаттап бере аларына ишенемин.
Ал-Бараа бин Азиб (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: “Аллахтын элчисинин жүзү нурданып турчу, кулк-мүнөзү да укмуш болчу. Өтө бойлуу эмес, өтө кыска да эмес, орто бойлуу эле".
Кайра эле ушул киши кабарлайт: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) орто бойлуу, кең далылуу, калың чачы кулагынын көнчөгүнө чейин түшүп турчу эле. Үстүнө кызыл чепкенин кийип алчу. Мен андан өткөн келишимдүү адамды өмүрүмдө көрбөдүм".
Абу Исхак ас-Сабиьи минтип айтат: Бир жолу Ал-Бараа бин Аазибден бир адам: "Пайгамбардын бет көрүнүшү кылыч сыяктуу беле?"  - деп сурап калды эле, тиги: "Ой, жок, толуп турган айдай болчу" – деп жооп берди.
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алаканынан да жумшак кебезди же жибекти кармап көрө элекмин. Ошондой эле пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жытынан өткөн жыпар жытты эч кайсы мисктен таба албадым".
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) дагы бир өзгөчө мүнөзү, уяттуулугу жөнүндө Абу Саьид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) турмушка чыга элек кыздан да өткөн уялчаак эле. Эгер кайсы бир нерсени жактырбай калса, биз муну анын жүзүнөн байкап калчубуз".
Мына ушундай кереметтүү кулк-мүнөз жана кебете-кешпирди Ага Аллах Таала ата-энеден төрөлгөндө эле кошо берген болчу.

 

Пайгамбарыбыздын сүйлөгөнү
Азыр эле, үйүнүн босогосунда туруп, Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кээ бир асыл мүнөздөрү менен тааныштык. Эми анын кандай сүйлөгөнүнө кулак төшөйлү.
Айша энебиз ( ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Аллахтын элчиси силер сыяктуу шашылып сүйлөчү эмес. Ал ачык-айкын сүйлөчү, аны уккан адам айтканын айткандай жаттап алчу”.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жумшак, назик болчу, айтканын башкалар түшүнүүсүн каалайт эле. Адамдардын түшүнүү деңгээлин, сөзгө кулак салуудагы айырмачылыктарын ажырата билип, ошого жараша сүйлөө бул – сабырдуулукту жана назиктикти талап кылат.
Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сөзү ушунчалык даана болгондуктан, аны уккан адамдын баары түшүнчү".
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жумшак мамилелүү, көкүрөгүндө кири жок ак көңүл болгондуктан, уккандар толук түшүнсүн деп сөзүн кайра-кайра кайталап айтчу.
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Аллахтын элчиси, айтканын башкалар түшүнсүн үчүн кээде бир айтканын үч жолу кайталачу".
Пайгамбарыбыз (ага (Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) адамдарга кичи пейил болуп, аларды өзүнөн алыстатып алуудан этияттанчу.
Ибн Масьуд (ага Аллах ыраазы болсун)  минтип айтат: Бир жолу пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) бир адам келип аны менен сүйлөшүп калды. Тиги сөз баштаганда муундары калчылдап, титирей баштады эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Өзүңдү тынчтандыр, мен падыша эмесмин. Мен деле кургатылган эт жеген аялдын баласымын" – деп тигини тынчтандырды".

Үйдүн ичинде
Жанатан бери пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үйүнүн босогосунда турабыз. Эми кирүүгө уруксат берилди. Босогосун аттап, акыр заман үммөтүнүн пайгамбарынын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) бөлмөсүндө эмнелер бар экенине көз жүгүртөлү. Туура, бирөөнүн үйүнө кирип алып ары-бери көз жүгүртүү жакшы иш эмес дечи, бирок биз пайдубалы кичипейилдик, түндүгү ыйман болгон үйдө турабыз. Бул үй, андагы кээ бир буюмдар тууралуу башкаларга үлгү иретинде айта кетсек эч нерсе болбос.
Бөлмөнүн дубалдары жылаңач, азыркы биздин үйлөрүбүз сыяктуу түрдүү-түстүү килемдер, же жан-жаныбарлардын сүрөтү илинген эмес. А, бул жөнүндө пайгамбарыбыздын (ага (Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Кайсы бир үйдө сүрөт жана айкелдер болсо, ал үйгө периштелер кирбей коёт"  деп айтканы да бар.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) күнүмдүк турмушунда колдонулган кээ бир буюмдары көзгө илинет. Мына Саабит айткан, бир жолу Анас бин Малик колуна кармап чыгып: "Бул пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) чөйчөгү" деп сыймыктанган жыгач чөйчөк турат. Пайгамбарыбыз  (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) бул чөйчөгүнө суу, бал жана сүт куюп иччү. Баса, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып суусундукту кантип ичүүнүн жолун да айта кетейин. Анас (ага Аллах андан ыраазы болсун) минтип айтат: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) суусундукту үч жолу дем алып ичер эле".  Анан да идишке демин чыгаруудан жана тамакты үйлөөдөн тыйган.
Баягы, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) казатта үстүнө кийе калчу сооту көрүнбөйт да? Ии, баса, анысын пайгамбарыбыз жөөт кошунасына күрөөгө берип, андан отуз килого жетпеген арпа алып турбады беле. Анан пайгамбарыбыз (ага (Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) дүйнөдөн өтүп кетип, соот ошол бойдон тиги жөөттө калып калбадыбы. Ооба, дал ошондой болгон, бул жөнүндө Айша энебиздин да айтканы бар.  
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тыштан киргенде жөн эле кирип келбестен салам айтып кирчү экен. Биз дагы үйгө киргенде салам айталы.
Мына ушул бөлмөнү, акыр заман пайгамбары жашаган бөлмөнү карап туруп, бул жашоодо каниеттүүлүктөн өткөн жакшы сыпат, мүнөз жок го деген ойго келдим. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өзү да: "Исламды кабыл алган, өзүнүн колу жеткен ырыскыга ээ болгон жана Аллахтын эрки менен Ал тартуулаган нерселерге каниет кылган адамдын жашоосу ийгиликтүү болот",  жана: "Силерден ким таңды чың ден-соолук, бейпил жүрөк жана бир күнгө жетээрлик азык менен тосуп алса, демек ага бүткүл дүйнө жыргалы тартууланыптыр”  – деп айткан эмеспи.

Тууганчылыгы
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жакындарына жасаган жакшы мамилесин сөз менен айтып болбос. Ал жакындарына ушундай жакшы мамиле жасайт эле, элдин баары ага таң калчу. Ал тургай, Курайштын каапырлары да аны чынчыл, аманаткөй деп макташчу. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбар боло элегинде эле ушундай мүнөзгө, сыпатка ээ болгонун, ага алгачкы Куран аяты түшкөндө, Хадича энебиздин: "Аллах сага жамандык кылбайт, анткени сен жакындарың менен жакшы мамиледесиң..." деп айтканынан да байкоого болот.
Ар бир адамдын укугун сактап, милдетин так аткарган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жети жашында ажыраган энесинин кабырын зыярат кылууну да унутпады. Абу Хурайра ( ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси энесинин кабырын зыярат кылганы барып, ошол жерде ыйлады, ага кошулуп биз да ыйладык. Анан: "Энеме кечирим тилөөнү Аллахтан сурансам, ага уруксат бербеди. Анан анын кабырын зыярат кылууга уруксат сурадым эле, ага уруксат берди. Кабырларды зыярат кылгыла, алар силерге өлүмдү эстетип турат" – деди.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) туугандарына болгон мээримин, сүйүүсүн аларды динге чакырып, туура жолго үндөп, алар үчүн күйүп-бышканынан да байкоого болот. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Жакын туугандарыңды эскерт"  деген аят түшкөндө, Аллахтын элчиси баардык туугандарын чогултуп: "Оо, Абду Шамстын балдары, оо, Каьб бин Луайдын балдары өзүңөрдү оттон сактагыла! Оо, Мурра бин Каьбдын балдары, оо, Абду Манафтын балдары, өзүңөрдү тозоктон сактагыла! Оо, Хашимдин балдары, оо, Абдумуталиптин балдары, өзүңөрдү тозоктон сактагыла! Оо, Фатима, кызым, өзүңдү тозоктон сакта! Аллахтын алдында мен силерге эч кандай жардам бере албаймын" – деп эскертти.
Агасы Абу Талипти динге чакырганын карачы. Анын үйүнө канча жолу барбады дейсиң. Акырында агасы өлүм төшөгүндө жатканда ага кирип: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок деп айтыңыз, кыяматта колдоо көрсөткүдөй болоюн" дегенде, агасы оозун кыбыратып келмени айтмакчы болду. Бирок жанында турган Абу Жахл менен Абдулла бин Убай: "Сен эмне Абдулмуталиптин дининен баш тартып өлөсүңбү?!" деп, ага келме айттыра коюшпады. Ошентип Абу Талип каапыр боюнча өтүп кетти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Сен үчүн Аллахтан кечирим сураймын" – деди эле, Аллах Таала: "Мушриктердин (Жалгыз Аллахтан башкага сыйынуучулар) тозокко түшөрү маалым болгондон кийин алардын күнөөсүн кечирүүнү сурап дуба кылуу пайгамбарга да, ыймандууларга да мүмкүн эмес. Ал анын жакын тууганы болсо да"  жана: "Сен өзүң жактырган адамдын баарын эле туура жолго багыттай албайсың"  деген аяттарды түшүрдү.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Абу Талипке бир канча жолу барып динге чакырды, өлүм төшөгүндө жатканда дагы суранды, өлгөндөн кийин ага кечирим тилеп дуба кылмакчы болду. Бирок Аллах Таала ага тыюу салды. Мына ушунун баары үммөт үчүн сабак, мушрик, каапырлар жакын тууганың болсо, аларга тирүүсүндө кандай, өлгөндө кандай мамиле кылуу керектигин үйрөткөн үлгү.

Пайгамбарыбыз үй ичинде
Адамдын үйү анын кулк-мүнөзүн, адеп-ахлагын, жеке мамилесин, кыскасы дубалдын артында, эч ким көрө албаган жерде аялына, кызматчысына ж.б. кандай мамиле кылат, үй ээсинин чыныгы жүзү кандай, мына ушундай сырларды катып турган орун эмеспи. Ал эми азыр биз турган үйдүн ээси үммөттүн жол башчысы, мугалими, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) экенин унутпайлы. Мына ушундай жогору даражадагы адам үй ичинде кандай болгонун билүү баарыбызга эле кызык болсо керек? Анда чогуу кулак төшөйлү.
Айша энебизден (ага Аллах андан ыраазы болсун): "Аллахтын элчиси үйүндө эмне менен алек болчу?" – деп сурашканда, ал: "Ал деле башкалар сыяктуу адам; кийимин жамап, койлорун саап, өзүнүн ишин өзү бүтүрчү"  – деп жооп берген. Мына ушундан эле анын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жөнөкөйлүгүн, кичипейилдигин, камкордугун байкайбыз.
Мына ушул ааламга ыймандын нуру чачыраган тар бөлмөдө курсагын тойгузчудай эч нерсе табылбаган күндөр өткөн акыр замандын пайгамбары жашачу.
Нуьман бин Башир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбарыбыз курсагын тойгузууга даамсыз курманы да таба албай калган учурларын көргөнмүн".
Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Биз, Мухаммаддын үй-бүлөсү, кээде айлап тамак үчүн от жакпай калчубуз. Жегенибиз курма менен суу болчу".
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үй жумуштары менен алектенип, бирок ибадаттан четте калган эмес. Азанды угар замат көр оокаттын баарын калтырып, мечитке шашылчу.
Асвад бин Язид минтип айтат: Мен Айша энебизден пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үйдө эмне жумуш кылары тууралуу сурап калдым. Ал: "Үйдө үй жумуштарына бизге жардам берчү, качан азан үнү угулганда мечитке жөнөчү" – деп жооп берди.  Ооба, Аллахтын элчиси парз намазын дайыма мечитте окуган, качан гана ооруп сыртка чыга албай калганда намазын үйдө окуган. Бул анын акыретке кетүүсүнө себеп болгон оорусу эле.
Намазды жамаат менен окуунун зарылдыгын билдирип, үммөтүнө ырайымы төгүлгөн пайгамбарыбыздын (ага (Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Кишинин мечитте жамаат менен бирге окуган намазы анын үйдө окуган намазына караганда жыйырма жети эсе артыгырак"  – деп айтканы бар. Дагы бир хадисинде: "Кимде-ким жакшылап даарат алып, жамаат менен намаз окуу үчүн мечитке барса, анын ар бир таштаган кадамына бирден күнөөсү кечирилип, бирден даражасы көтөрүлөт” .

Жол көрсөтүүсү
Адамдын акылын жана мүнөзүн анын жасаган ишинен билүүгө болот. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кулк-мүнөзүн Айша энебизден артык эч ким билбесе керек? Уктаганда да, ойгонгондо да, ооруганда да, айыкканда да, ачууланганда да, күлгөндө да пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жанында  Айша энебиз болгон. Бир сөзүндө Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Аллахтын элчиси уятсыз, адепсиз болгон эмес. Базарларга чыгып алып кыйкырбайт эле. Жамандыкка да жакшылык менен жооп берчү".
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) дагы кандай асыл сыпаттары бар экенин небереси Хусейн (ага Аллах ыраазы болсун)  бизге мындайча кеп кылат: Атамдан Аллахтын элчиси тууралуу айтып берүүсүн сурансам, ал буларга токтолду: "Аллахтын элчиси дайыма жылмайып жүрчү, мүнөзү жумшак, сылык болчу, оройлук кылып бакырганын, сөгүнгөнүн, бирөөнү айыптаганын, ичи тардык кылганын, өзүнө тиешеси жок ишке баш салганын көргөн эмесмин. Андан бир нерсени үмүт кылып келген адамдын, үмүтү орундалат эле жана андан эч кимдин көңүлү калбайт эле. Үч нерседен өзүн четке тартып турчу: талашып-тартышуудан, өзүн  барктуу көрсөтүүдөн, өзүнө тиешелүү болбогон ишке кийлигишүүдөн. Эч кимди айыптачу да, шылдыңдачу да эмес. Бирөөнүн айыбын издебейт эле. Сообу тийчү нерседе гана сүйлөчү. Эгер ал сүйлөсө, анын жанындагылар башын жерге салып, башында чымчык келип конуп алчудай жым-жырт отурушат эле. Качан гана ал сөзүн токтоткондо,  башкалар сүйлөй башташчу, алар пайгамбардын алдында сөз талашпайт эле жана сүйлөп жаткан адамдын  сөзүнө аралашпайт эле.  Эл күлгөн нерсеге күлүп, эл таң калган нерсеге таң калып, эл менен чогуу болчу. Чоочун адамдардын одоно сүйлөгөнүнө жана алардын суроолоруна сабырдуулук менен жооп бергендиктен, сахабалар чоочун адамдар бат-баттан келип турса деп самачу. Ал: "Эгер муктаждыгы бар адамды көрсөңөр, ага токтоосуз жардам бергиле" - деп көп айтчу. Мактоону аша чаап кетпеген адамдан укчу. Эгер сүйлөп жаткан адам туура эмес сүйлөп, чектен чыга баштабаса, анын сөзүн бөлбөйт эле. А эгер туура эмес сүйлөй баштаса, аны акырын токточу, же ордунан туруп басып кетчү".
Үммөттүн пайгамбарынан (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мына ушундай сыпаттарынан үлгү алуубуз керек. Напсибизди тыйып, тарбиялап, дал ушундай адам болууга тырышуубуз зарыл. Анткени бул сыпаттардын ар биринин артында көптөгөн жакшылыктар катылып жатат.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жакшы адаттарынын дагы бири, отурган жеринде адамдарга дин тартибин үйрөтчү. Анын айткандары жыйнак-жыйнак китеп болуп жазылды. Мен азыр анын баарын бул жерге батыра албайм. Ошондой болсо да кээ бирине токтолууга туура келет. Мисалы, ал минтип айтчу: "Кимде-ким Аллахтан башка нерседен жакшылык тилеп жүрүп өтүп кетсе, тозокко түшөт" , "Башка мусулманга колу менен да, тили менен да зыян тийгизбеген адам  - чыныгы мусулман. Ал эми Аллах Таала тыйган нерседен жаа бою качкан адам – чыныгы көчүүчү" , "Караңгыда мечитке каттаган адам Кыяматта нурга бөлөнөрүн айтып, сүйүнчүлөп койгула" , "Бутпарастар менен малыңар, жаныңар, тилиңер менен болсо да күрөшкүлө" , "Кээде инсан бир сөз сүйлөйт да, мына ошол сөзү үчүн тозоктон күн батыш менен күн чыгыштай аралыкка алыстап калат" , "Мен кимдир бирөөнү каргоо үчүн эмес, ырайым кылуу үчүн жиберилгенмин" , "Христиандар Мариямдын уулу Исаны аша чаап көкөлөткөн сыяктуу, силер да мени аша чаап көкөлөтүп жибербегиле"  деген сыяктуу, жашоо-турмуштун ар бир тармагына тиешелүү болгон осуяттарын айткан.
Жундуб бин Абдулланын (ага Аллах андан ыраазы болсун) айтуусунда, бул дүйнөдөн өтөрүнө беш күн калганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан экен: "Аллах Таала Ибрахим пайгамбарды Өзүнө сүйүктүү дос кылган сыяктуу мени да дос кылып алды. Эгерде пенде пендени ушундай даражада дос кылууга мүмкүн болгондо, анда Абу Бакрды ушундай дос кылып алмакмын. Силерден мурда жашап өткөн коомдордо пайгамбарлардын кабырын мечитке айландырып алгандар болгон. Силер кабырларды мечитке айландыра көрбөгүлө, мен буга тыюу салам".
Ушунан улам кабырдын үстүнө, же кабыр үстүнө курулуп калган мечитке намаз окууга болбойт.

Кыздары
Ислам дини келгенге чейинки доордо кыз баланын төрөлүүсү ата-эне үчүн болуп көрбөгөндөй уят иш эле. Ата-эне эле эмес, үй-бүлө, ал тургай бүтүндөй уруу намыска батчу. Кыз артынан кыз төрөлгөн үй-бүлөлөрдө кайгы эки эсе артык болор эле. Алар кызын алты-жети жашка чейин жөн коюп, анан аларды тирүүлөй эле көмүп салчу. Муну эч бир ата-эне чын көңүлү менен жасачу эмес. Болгону маңкурттуктун туу чокусуна жеткен коомдогу куру намыс деген нерсе ушундай кылууга аргасыз кылчу.
Мына ушундай маңкурт, наадан коомго пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Ислам динин алып келди. Ислам аял затынын укугун болуп көрбөгөндөй көтөрдү. Аялдар эми эне, жубай, эже-карындаш, кыз, келин катары ордун таап сый-урматка бөлөндү. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кыздардын даражасын көтөрүүнү иш жүзүндө көрсөттү. Кызы Фатима киргенде, ордунан туруп, маңдайынан өөп жанынан орун берчү. Кызы да атасы киргенде ордунан туруп, колунан өөп, жогору отургузчу.
Абу Лахаб тууралуу "Абу Лахабдын шору курусун..." деген аят түшкөндөн кийин, Абу Лахаб пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) эки кызы Умму Кулсум менен Рукуяны балдары Утба менен Утайбадан талак кылып ажыратып жиберген. Бул, албетте оор тийгени менен пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ага сабыр кылып, чыдады.
Кыздарына көрсөткөн урматы жөнүндө Айша энебиздин (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтканы бар: "Аллахтын элчиси менен чогуу отурсак, кызы Фатима келип калды. Анын басканы кудум эле атасынын басканындай болчу. Ал киргенде Аллахтын элчиси: "Кош келипсиң, кызым" деп ордунан тура калып жанына отургузду".
Кыздарын жакшы көргөндүктөн алардан тынбай кабар алып, ал-абалын сурап турчу. Бир ирет кызы Фатима жумушу көптүгүнөн бир кызматчы алсамбы деп Айша энебизге кайрылат. Айша энебиз муну пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) билдирет. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Фатиманы зыярат кылып барды. Бул окуяны күйөө баласы Али (ага Аллах ыраазы болсун) минтип баяндайт: Аллахтын элчиси бизге келгенде ордубуздан турмакчы болдук эле, ал: "Козголбогула" деп, бизди тургузбай өйдө өтүп отурду. Анан: "Силерге кызматчы алууга караганда бир топ жакшыраак болгон ишти үйрөтөйүнбү?" деп сөз баштады да, минтип улантты: - эгер жатууга киришсеңер, отуз үч жолу такбир, отуз үч жолу тасбих жана отуз үч жолу хамд айткыла.  Мына ушундай кылуу, кызматчыга караганда силерге көбүрөөк пайдалуу".
Биз үчүн пайгамбарыбыздын (ага (Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сабырдуулугунан, токтоолугунан ала турган үлгүлөр өтө көп. Фатимадан башка кыздарынын баары пайгамбарыбыздын көзү тирүүсүндө өтүп кетти. Пайгамбарыбыз (ага (Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) буга сабыр кылды, өкүрүп ыйлаган жок, кийимин тытпады, аза күтүп жатып калбады. Сабыр кылып, сооп үмүт кылып, ((Аллахтын тагдырына моюн сунду. Бизге кайгы отуна суу себе турган, кыйынчылыкка жөлөк боло турган осуятын калтырды: "Баарыбыз Аллахтыкыбыз, баарыбыз Ага кайтабыз. Аллахым, ушул кыйынчылык үчүн сооп бер, жоготконумдун ордун мындан жакшысы менен толтур" деп айтса, Аллах ага андан жакшысын берет" - деди.   Мына ушул бир ооз "Инна лиллаахи ва иннаа илайхи ражиьуун" (баарыбыз (Аллахтыкыбыз, баарыбыз Ага кайтабыз) деген сөз кайгыны азайтып, соопту көбөйтүп, сабырдуулукка үйрөтөт. Чындыгында: "Сабырдуулар эсепсиз соопко ээ болушат".

Аялдарга мамилеси
Үй-бүлө деген дарактын ат байлоочу мамысы да, мөмө терчү бутагы да, көлөкөсү да аял экени белгилүү. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтат: "Бул дүйнөдө ыракат алчу нерсе көп, мына ошолордун эң жакшысы ыймандуу аял".  Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аялдарын эркелетип, жылуу-жумшак мамиле жасаганынан ар бир эркек үлгү алууга тийиш. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Аллахтын элчиси мени эркелетип "Ааиш" деп чакырчу, бир жолу ал: "Ааиш, сага Жебирейил салам айтты"  дегени эсимде. Кулк-мүнөзү жакшы, даражасы бийик пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аялына кандай мамиле жасоо зарылдыгын иш жүзүндө бизге көрсөтүп кеткен. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Менин этек кирим келген учур болчу, чөйчөктөн суу ичип, анан Аллахтын элчисине сундум. Ал чөйчөктүн мен ичкен жерине эринин тийгизип суу ичти".
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) эки жүздүү мунафыктар жалаа жапкандай аялдарына жаман мамиле жасаган эмес. Тескерисинче, аялына жакшы мамиле жасоонун өтө жеңил, оңой жолун үйрөткөн. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Аллахтын элчиси аялдарынын бирөөсүн өөп, анан ошол бойдон даарат албай эле намазга кеткенин көрчүбүз".  Аллахтын элчиси аялдын даражасы бийиктигин, анын да өзүнчө орду бардыгын, эркектин аялды сүйүүсү зарыл экендигин Амр бин Аастын: "Кимди жакшы көрөсүз?" деген суроосуна: "Айшаны"  деп жооп бергенинен да байкасак болот.
Үй-бүлөлүк турмушунда бактылуулукту каалаган эркектер Айша энебиздин (Аллах андан ыраазы болсун) : "Биз Аллахтын элчиси экөөбүз бир эле идиште жуунчубуз"  деген хадисине көңүл буруусу зарыл. Анткени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ар бир ишинде аялынын көңүлүнө кубаныч тартуулоону адат кылган. Төмөнкү хадистен бул сөзүбүзгө дагы бир далил таба алабыз.
Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: "Аллахтын элчиси менен бирге сапарга чыгып калдык. Ал жанындагыларды алдыга жиберип, анан мага жарышууну сунуш кылды. Ал кезде мен арык жана шамдагай болчумун. Анан экөөбүз жарышып, мен андан озуп кеттим. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ошол бойдон унчукпай калды. Кийинчерээк мен эттенип, боюм оорлоп калганда, сапарда бара жатып жанындагыларды алдыга жиберип мага жарышууну сунуш кылды. Биз дагы жарыштык, бирок бул жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мени калтырып кетти. Анан күлүп: "Бул өткөндөгүнүн кайрымжысы" деди".  Аялы менен жарышып, андан жеңилип калып, анан ал эттенгенде кайра жарышып жеңип алып "Бул өткөндөгү үчүн" деп тамашалашкан пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үлгү алалы. Акыркы пайгамбар, белгилүү кол башчы, Хашим уруусунун аттуу-баштуусу, көптөгөн жеңиштерди багынткан аскер башчы болгон адамдын ошол эле мезгилде аялына камкор, мээримдүү, жумшак, сылык күйөө боло алганына аалам таң калат.
Хунайн согушунан кайтып келгенден кийин пайгамбарыбыз Сафия энебизге үйлөндү. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аны төөгө мингизүү үчүн төөнүн алдына эңкейип отурду. Сафия энебиз анын ийнине бутун коюп төөгө минди. Мына бул көрүнүш анын жөнөкөйлүгүн айгинелеп турат. Ошондой эле мындай кылуу анын даражасын төмөндөтүп жиберген да жок.
Аялдарына мына ушундай назик мамиле жасаган пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) акыркы осуяттарынын бири: "Аялдарыңарга жакшы мамиле жасагыла"  деген сөзү болду.

Аялдар ортосундагы адилеттиги
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) он бир аялга үйлөнгөн. Булардын баары "момундардын энеси" болуп эсептелет. Бул дүйнөдөн өткөн кезде аялдарынын тогузу тирүү эле. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аларга үйлөнгөндө, бири жесир, бири ажырашкан, бири улуу, дагы бири оорукчан алсыз болчу. Он бир аялдын ичинен бир гана Айша энебиз кыз болчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аялдар ортосундагы адилдик жана теңдикти көрсөткөн мисал катары үйлөндү жана алар менен жашады. Айша энебиз айтат: "Аллахтын элчиси сапарга чыга турган болуп калса, аялдарына чүчү кулак карматчу да, кимисине чыкса ошонусун сапарга ала кетчү. Күнү менен түнүн да ушундай адилеттүү бөлүштүрөр эле".   Адилеттүүлүгүнө дагы бир мисалды Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) минтип келтирет: "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тогуз аялы болчу. Аялдарынын ар бирине кезек менен келчү, ал кайсы үйдө болсо аялдары ошол үйгө чогулчу. Бир жолу Айшанын үйүндө отурганда Зейнеп келип калды. Анын келе жатканын көргөн Айша колун сунуп: "Тигине Зейнеп келе жатат" деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) анын сунган колун акырын түшүрүп койду".
Бул Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) берекелүү үйү, Аллахтын жардамы жана багыты болбосо мындай ынтымак боло койбос. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тили менен да, амалы менен да Аллахка шүгүр кылып, аялдарын ибадат кылууга кызыктырып, Аллахтын: "Үй-бүлөңдү намаз окууга буйру жана ага сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, ырыскыны Биз беребиз. Жакшы кайрымжы такыбалар үчүн болот"  деген аятына татыктуу болууга аракеттенет эле. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахны элчиси түнкү намазын окуп жатканда мен жолундагы төшөгүмдө уктай берчүмүн, качан гана витр окумакчы болгондо мени ойготор эле".
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) түнкү намазга кызыктырып, түнкү намазга турууга жубайларды бири-бирине жардам берүүгө үндөп минтип айткан: "Түн ичинде намазга туруп, намаз окуп, анан аялын ойготуп, эгер туруудан баш тартса бетине суу чачып ойготуп, намазга тургузган кишиге Аллахтын ырайымы жаасын. Ошондой эле түн ичинде намазга туруп, намаз окуп, анан күйөөсүн ойготуп, эгер туруудан баш тарса, бетине суу чачып ойготуп, намазга тургузган аялга Аллахтын ырайымы жаасын".
Ички жан дүйнөсү менен бирге сырткы келбетин да  таза алып жүрүү толук мусулмандыктын белгиси. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жүрөгү сак,  денеси таза, жыпар жыты буркурап турчу. Үммөтү да ушундай болуусун каалап: "Эгер үммөтүмө оор болуп калуусунан чочулабаганымда, анда ар бир намаздын алдында мисвак колдонууга буйруйт элем"  – деп айткан.
Хузайфа (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси уйкудан турар замат мисвак менен оозун тазалачу".
Шурайх бин Хаани айтат: Айша энебизден: пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үйүнө киргенде алгач эмне кылчу? – деп сурасам, ал: "Үйгө кирер замат мисвагы менен оозун тазалачу" – деп жооп берди.  Бул кандай сонун тазалык да, кандай сонун даярдык!? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кайсы бир үйгө кирерде: "Аллахтын ысымы менен киребиз, Аллахтын ысымы менен чыгабыз, Раббибизге тобокел кылабыз" деп айтып, анан үй ичиндегилерге салам айтчу.
Мына ушундай, үйүнө киргенде тазаланып, салам айтып үйдөгүлөрдүн көңүлүн көтөрүп кирүү чыныгы мусулмандын белгиси. Эшиктен кирер замат каарын төгүп, кыйкырып, аялына заарын чачкан мусулман бир туугандарыма жогоркулар эскертүү болор...?


Тамашалоосу
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үммөтүнүн камын көргөн элчи, аскерлеринин камын көргөн кол башчы, үй-бүлөсүнүн камын көргөн ата жана күйөө, аян, кабарга, ибадатка көңүл бурган такыба пенде эле. Мындан сырткары да көпчүлүк көңүл бурбаган, бирок өтө зарыл нерселерге ал көңүл бурчу. Ал ар бир нерсенин акысын так берчү. Зарыл ишинин көптүгүнө карабай, кичинекейлердин жүрөгүнө кубаныч тартуулоочу. Алар менен ойноп, тамашалашып алардын көңүлүн көтөрчү. Жалаң эле балдар менен эмес, кээде чоңдор менен да тамашалашып калчу. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): Сен да тамашалашасыңбы? - деп сурап калышты эле, ал: "Ооба, бирок мен чындыкты гана айтам" – деп жооп берди.  Анас бин Малик айткандай: пайгамбарыбыз аны "эки кулактуу" деп чакырып калчу.
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: элеттиктерден Заахир деген бир адамды пайгамбарыбыз аябай жакшы көрчү. Бир жолу базарда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аны аркасынан байкатпай кучактап коё бербей туруп алды. Тиги: Коё бер, бул ким!? – деп кыйкырып, анан кылчайып пайгамбарыбызды байкай калып далысын анын көкүрөгүнө жөлөп, унчукпай калды. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жанындагыларга кайрылып: "Ким кул сатып алат?" деп үн салды. Тиги болсо уялып: "Оо, Аллахтын элчиси, менин баам түккө да турбаса керек" – деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Бирок Аллахтын алдында сенин кадырың абдан баалуу"- деди.  Бул Аллахтын элчисинин кереметтүү мүнөзүн айгинелеп турат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кайсы жерде болсо да чегинен ашыкча күлчү эмес. Айша энебиз (ага Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчисинин таңдайын көрсөтө каткырганын көргөн эмесмин, күлсө жылмая күлүп тим болчу".  А, эгерде Аллахтын шариятына туура келбеген ишти көрсө жүзү кызарып, ачууланганы дароо билинчү. Айша энебиз (ага Аллах андан ыраазы болсун) минтип айтат: "Бир жолу Аллахтын элчиси сапардан келди. Мен босогого жандуулардын сүрөтү түшүрүлгөн көшөгөнү керип коюпмун. Аллахтын элчиси аны көрөр замат өңү өзгөрүп ачуусу келди да: "Айша, кыяматта өтө катуу азапка кабыла турган адамдар – сүрөт тартуучулар" – деп, көшөгөнү алып салды.  Бул, ачык көрүнүп турган сүрөттү үйгө илүүгө болбостугуна далил. Ал эми дубалга адамдардын же жаныбарлардын сүрөтүн илип алуу мындан да катуураак. Кээ бирөөлөр түркүктөргө айкелдерди чегип, үйгө сүрөт илип күнөөкөр эле болбостон, бул үйгө периштелердин кирүүсүнө да жолтоо болушат.

Уйкусу
Төшөккө жатчу мезгил. Кана, карап көрөлүчү, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кандай жатып, кантип уктайт экен?
Убай (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлаган хадисте пайгамбарыбыз (ага (Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан: "Төшөккө жатмакчы болсоңор, адегенде Аллахтын атын атап, алаканыңар менен аны сыйпап-сыйпап күбүп койгула. Анткени анда эмне бар экенин билбейсиңер. А жатканыңарда болсо, оң жак капталыңар менен жаткыла. Анан: "Аллахым, Сага мактоо болсун, Сенин атың менен жатып, Сенин атың менен турам. Ушул бойдон жанымды алсаң, күнөөмдү кечир, кайра кайтарсаң ыймандуу пенделериңди сактагандай сакта" деп айтууну унутпагыла".
Бардык мусулман эркек жана аялдарга жол көрсөтүп: "Эгер жаткыңар келсе, намазга даарат алгандай даарат алып, анан оң капталыңар менен жаткыла"  деп айтканы да бар.
Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: “Аллахтын элчиси  ар түнү жатар мезгилде алакандарын бириктирип ага үйлөп, анан: "Кул хуваллоху ахад, Кул аъузу бироббил фалак, Кул аъузу бироббин-наас" сүрөлөрүн окуп, колу жеткен жерге чейин денесин сүртөт эле. Алакандары менен оболу башын, анан бетин жана денесинин алды жагын сүртчү, мына ошону үч жолу жасачу”.
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: “Аллахтын элчиси төшөгүнө жатарда мындай деп айтчу: "Бизди жедирип, ичирип, зыяндан коргоп, баш калкалаар жай берген Аллахка мактоолор болсун. Коргоочусу жана баш калкалаар жайы жок адамдар канча?”
Абу Катада (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: “Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) түнү сапарда баратып эс алмакчы болсо, оң капталы менен жатчу, ал эми таңга жуук жатса, колун жазданып башын алаканына коюп уктачу”.
Аллахтын бизге берген жакшылыктарын карагын да, Аллахтын элчисинин төшөгүнө бир кара. Айша энебиздин айтымында: "Аллахтын элчисинин төшөгү ашталган теринин ичине курма дарагынын кабыгы салынып коюлган"  экен.
Бир жолу анын үйүнө Азирети Умар (ага Аллах ыраазы болсун) баш болгон бир топ адамдар кирип калат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) төшөгүнөн жаңы эле туруп, денесине анын кабаты өтүп кеткен экен. Муну көргөндө Азирети Умар (ага Аллах ыраазы болсун) чыдабай ыйлап жиберди. "Эмнеге ыйлайсың?" - деп сурады андан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун). "Аллах Таала сени Кайсардан да, Кисродон да кадырлуу кылганын билем, бирок тиги экөө жибек төшөктө жатат, сенин абалың болсо мындай" - деди Азирети Умар. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) анын ийнине колун коюп: "Аларга дүнүйө, бизге акырет болуусун каалабайсыңбы?" - деди. "Ооба" - деди азирети Умар. "Анда дал ошондой болот"  – деп жооп кайтарды пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун).

Түнкү намазы
Айлананы коюу караңгылык каптады. Элдин баары уйкуда. Бирок Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) уктап жата бербеди. Ал таттуу уйкуну таштап, намаз окуп, зикир кылып, Аллахка жалынып дуба кылып, Аллахтын "Оо, чүмкөнүп жатып алган киши! Түнү туруп (ибадат кыл). Бир аз гана бөлүгүндө-жарымында (уктасаң) болот. Же (уйкуну жарымынан) бир аз кемит. Же бир аз кош жана Куранды кырааты менен оку"  деген аяттарын иш жүзүнө ашырып жатат.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси түндө туруп алып көп намаз окугандыктан буттары шишик тартып калчу. Аны көргөндөр: Оо, Аллахтын элчиси, сиздин мурда-кийин кылган күнөөлөрүңүз кечирилген, эмне мынча өзүңүздү кыйнайсыз? – деп сурашса, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "А мен ошого шүгүр кылуучу пенде болбоймунбу?" – деп жооп берчү.
Асвад бин Язид минтип айтат: Мен Айша энебизден Аллахтын элчисинин түнкү намазы жөнүндө сурасам, ал айтты: “Адатта түндүн биринчи бөлүгүндө уктап, анан аягында туруп витр намазын окуп, кийин төшөгүнө кайра жатчу. Эгер муктаждыгы  болсо аялы менен кошулчу, ал эми азанды угуп калса туруп кетчү. Эгер жунуп  болсо үстүнө суудан төгүп алчу, эгер жунуп болбосо, даарат алып намазга чыгып кетер эле”.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) түнкү намазынын кооздугуна жан узундугуна бир көз чаптырып, андан үлгү алалы.
Хузайфа бин Яман (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) менен бирге түн ичинде намаз окуп калдым. “Намазды Бакара сүрөсү менен баштады. Мен жүз аят окуп үрүкү кылат го деп ойлоп калдым. Бирок үрүкү кылбады. Эми бир ирекетке бул сүрөнү толук окуйт го деп ойлодум. Бирок ал аны окуп бүтүп Аалу Имран сүрөсүн баштады. Эми ушул сүрөнү бүтүп үрүкү кылат го деп ойлодум. Жок, ал Ниса сүрөсүн окуй баштады. Окуганда да ар бир тамгасын так чыгарып окуп жатты. Эгер тасби айтчу аят окулса, тасби айтты, дуба кылчу аят окулса, дуба кылып, азап-тозок жөнүндө аят келсе, андан сактоону суранып жатты. Ошентип акыры үрүкү кылды да "Субхана Роббиял азиим" деп айта баштады. Үрүкүдө да аябай көпкө турду. Анан "Самиь Аллаху лиман хамида, Роббана лакал хамду" деп үрүкүнөн өйдө болду. Түздөлгөн абалында үрүкүдө турганчалык мөөнөттө турду да, анан саждага жыгылды. Саждада "Субхана Роббиял аьлаа" деп айта баштады. Саждасы да аябай көпкө созулду"

Таңкы намаздан кийин
Таң атып, багымдат намаз окулду. Элдер мечиттен тарай баштады, бирок Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) намаз окуган ордунан козголгон жок. Ошол орунунда зикир чалып күн чыкканча отурду. Күн толук чыгып бүткөн соң дагы эки ирекет намаз окуду. Жаабир бин Самра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси багымдат намазын окугандан кийин күн толук чыкканга чейин ордунан козгобой отура берчү".
Пайгамбарыбыз  (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өзүнүн ушул сүннөтүнө башкаларды да кызыктырып, аткарууга чакырат эле. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлаган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Ким жамаат менен багымдатты окуп, анан күн чыкканча Аллахты зикир кылып отурса, анан дагы эки ирекет намаз окуса, ал кудум эле толук ажы жана умра амалдарын аткаргандай соопко ээ болот" – деп айткан.

Духа намазы
Күн көтөрүлүп, аба ысып чыкты. Ысык шамал бетке урат. Духа намазынын убактысы келди. Дин таратуу, келгендерди тосуп алуу, сахабаларына илим берүү, үй-бүлөсүнө көңүл буруу сыяктуу толгон токой иштерден убакыт таап пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Духа окуп жатат.
Айша энебизден (ага Аллах ыраазы болсун): Аллахтын элчиси Духа намазын окуйт беле? деп сурашканда, ал : "Ооба, төрт ирекет, кааласа, андан да көп окуучу" – деп жооп берген.
Өзү эле окубай, окууну бизге да осуят кылды. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Сүйүктүү пайгамбарым мага ар бир айда үч күн орозо кармоону, күн сайын эки ирекет Духа окууну, анан жатардан мурда витр намаз окууну осуят кылды".

Үйдө окулчу нафил намаздар
Азыр биз отурган үй ыйманга негизделген, зикир менен ибадатка толгон үй. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) биздин үйлөрүбүз да ушундай болуусун осуят кылган. "Үйүңөрдү кабырдай кылып үңүрөйтпөй, анда да намаз окуп тургула"  деп айткан.
Ибн Кайум (Аллах аны ырайымына алсын) айтат: "Аллахтын элчиси сүннөт намаздардын баарын жана нафил намаздарды үйүндө окуган. Айрыкча шам намазынын сүннөтүн дайыма үйдө окуган. Нафил намаздарды үйдө окуунун көптөгөн пайдалары бар. Мисалы, пайгамбардын сүннөтүн эрчүү, аялдарды жана балдарды намаз окууга үйрөтүү, жин-шайтандарды үйдөн кубалоо, эл көрсүн деген жаман адаттан өзүн тазалоо, ибадатты чын ыкласы менен аткарууга көнүгүү ж.б."

Пайгамбарыбыздын ыйы
Аял-эркектин баары эле ыйлайт. Ый эмне үчүн жана ким үчүн болуу керек? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) да ыйлайт эле. Бирок, эгер ал мал-дүйнө кааласа, ал кол алдында эле, эгер бейишти кааласа, ал бет маңдайында эле. Анан ал эмне үчүн ыйлаган? Ооба, анын ыйы ибадат үчүн болчу. Ал намаз окуп жатканда Аллахка жалбарып ыйлачу, Куран угуп жатканда жүрөгү эзилип ыйлачу. Аллахтын улуулугун эстеп ыйлайт эле. Аллахтан коркуп ыйлайт эле. Муторриф атасынан укканын айтат: "Аллахтын элчиси намаз окуп жаткан, мен ага  жакындап келсем, ичинде көгүчкөн күркүрөгөндөй күрүлдөгөн үн чыгып ыйлап жатыптыр".
Абдулла бин Масьуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси менден: "Куран окуп берчи" - деп суранды. "Оо, Аллахтын элчиси, Куран сизге түшкөн болсо, мен аны сизге окуп беремби?" – дедим таңданып. "Мен аны башкалардан укканды жактырам" – деди Аллахтын элчиси. Анан Ниса сүрөсүн окуй баштадым. Сүрөнү окуп "Биз сени алардын үстүнөн күбөгө тартабыз" деген аятка жеткенимде карасам, Аллахтын элчисинин көз жашы сакалынан ылдый агып жатыптыр".
Кунт коюп карасаң, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сакалынан жыйырма сегиз ак талды көрө аласың. Эмне себептен сакалы агарганын билесиңби? Аны өз оозунан угалы. Бир жолу Абу Бакр (ага Аллах ыраазы болсун): Оо, Аллахтын элчиси, картайып бара жаткандайсың? – деп калды. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Менин сакалымды Худ, Ваакиа, Мурсалат, Амма ятасалуун жана Изаш-шамсу куввирот агартып жиберди"  деп, Курандагы беш сүрөнү атады.

Кичипейилдиги
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) адамдардын арасынан мүнөзү эң жакшысы жана кубаттуусу эле. Анын жүрүм-туруму тирүүлөй Куран болчу. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Анын мүнөзү Куран эле" , бул тууралуу өзү да: "Мен кулк-мүнөздөрдү кемчиликтерди толуктоо үчүн жиберилгенмин"  деп айтчу.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өтө кичипейил болгондуктан, мактоону, көтөрмөлөөнү, жагынууну жакшы көрбөйт эле. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлаган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан: "Христиандар Иса пайгамбарды аша чаап көтөрмөлөп жибергендей, силер да мени аша чаап көтөрмөлөп жибербегиле! Мен деле бир кулмун. Мени жөн гана: "Аллахтын кулу жана элчиси" деп айткыла".
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Адамдар пайгамбарды "Оо, Аллахтын элчиси, оо, адамдардын жакшысы, оо, төрөлөрдүн төрөсү" деп кайрылышты эле, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айтты: "Эй, адамдар, айтаарыңарды айткыла, бирок шайтанга жеңил алдырбагыла. Мен – Аллахтын кулу жана элчиси Мухаммадмын. Мени Аллах Таала жайгаштырган орундан жогору көтөрүп жиберүүңөрдү каалабаймын".
Кээ бир адамдар аша чаап пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кайыпты билүүчү, муктаждыкты чечип, кандай ооруу болсо да айыктыра турган Аллахка гана тиешелүү сыпаттарды ыйгарышат. Аллах Таала мунун баарын жокко чыгарып: "Айткын (о, Мухаммад): "Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык жетмек эмес. Мен болгону ыймандууларды эскертүүчү жана сүйүнтүүчү пайгамбармын"  деп айткан.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) дайыма Жаратуучусуна жөлөнүп-таянган, текеберликти жек көргөн, жөнөкөй, кичи пейил болгон. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Сахабаларга пайгамбардан өткөн жакшы адам жок эле. Ошого карабастан пайгамбар киргенде алар ордунан турчу эмес. Анткени өзү киргенде башкалардын ордунан туруусун пайгамбар жактырбаганын алар жакшы билишчү".  Анын кичипейилдигин жана жөнөкөйлүгүн ушундан бил, көчөдөгү бир бечара аял аны менен сүйлөшүүнү кааласа, ошого да көңүл буруп, анын айтканын укчу. Анас бин Малик (ага Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Аллахтын элчисине бир бечара, кедей аял келип, анда сөзү бар экенин айтты эле, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ага: "Отур, Мадинанын кайсы жеринде болбосун сени менен сүйлөшүүгө даярмын"  деп жооп кайтарды.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлаган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Эгер мени шыйрак жеп кетүүгө чакырышса, бармакмын. Эгер шыйракты белек кылышса, алмакмын" – деп айткан.  Бардык доордогу текеберлерди тыюу жана жөнгө салуучу куттуу хадисинде Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан: "Кимдин жүрөгүндө кыпындай текеберлик болсо, ал бейишке кире албайт".
Текеберлик, кыпындай болсо да адамды тозокко алып барат, андан (Аллах сактасын. Өзүнө-өзү менменсинип, текеберленген пенденин кандай абалга туш болгонун, Аллах Таала ага кандай каарын төгүп, кандай жазалаганын кара! Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан: "Бир адам өзүнө-өзү эрдемсип, чачын тармалдата тарап, кекирейе басып бара жатканда, кокустан Аллах Таала аны жерге жуткуруп, ал кыяматка чейин ошондо кала берди".

Кызматчысына мамилеси
Аллах Таала пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жиберүү менен алсыз, бечара кызматчылардын даражасын көтөрүп койду. Кызматчылар жасаган кызматына жараша эмес, кармаган динине жана такыбалыгына жараша баалана турган болду. Кызматчы жана ага бериле турган акысы жөнүндө пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Алар да силердин бир тууганыңар, Аллах Таала аларды силерге кызмат кылдырып койду. Аларды өзүңөр жегендей жедирип, өзүңөр кийингендей кийиндиргиле. Аларга колунан келбеген ишти буйрубагыла, эгер буйрусаңар өзүңөр жардам бергиле" – деп айткан.  Мына пайгамбарыбыздын кызматчысы Анастын (ага Аллах ыраазы болсун)  аны мактаган сөзүн кара, кайсы кызматчы кожоюнун мынчалык мактай алат.  Ал айтат: "Аллахтын элчисине он жыл кызмат кылдым. Мага бир жолу да "Уф" дегенин укпадым. Жасаган ишиме бир жолу да "Эмне үчүн мындай кылдың" деп айтпады. Аткарбай койгон ишим үчүн бир жолу да "Эмне үчүн аткарбадың" дебеди".  Он жыл, бул он ай же он күн эмес. Мынчалык узун мөөнөттө адамдын башына эмнелер келбейт дейсиң, кубаныч жана кайгы, мээрим жана ачуу, байлык жана кедейлик, мына ушундай учурлардын биринде да кызматчысына жаман айтпаган пайгамбарым ата-энем сага садага болсун. Жаман айтуу ары турсун, алардын көңүлүн көтөрүп, жардам берип, дуба кылып өзүңдүн кичипейилдигиңди көрсөттүң. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Энем Аллахтын элчисине: "Бул сенин кызматчың болсун, ага дуба кыл" дегенде, ал: "Аллахым, анын алдын бала, артын мал бассын, ага бергениңди берекелүү кыл" – деп дуба кылды.
Күч-кубаты толуп, жаман айтуу же уруу колунан келип турса да пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) эч кимге кол көтөргөн эмес. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси жихатта гана башкаларга кол шилтөөчү. Башка учурда эч кимди, аялын да, кызматчысын да урчу эмес".  Айша энебиз пайгамбардын эч кимге зыян тийгизбеген асыл сыпатын дагы минтип сүрөттөйт: "Аллахтын элчиси,  Аллахтын мыйзамы бузулбай, өзүнө карата жасалган туура эмес мамилелерге такыр ачууланганын көргөн эмесмин. Эгер Аллахтын мыйзамы бузулса, ага катуу ачууланган. Эгер эки иштин бирин тандоо керек болуп калса, анын жеңилин тандоочу, ошол иш күнөө эмес болсо".
Ал дайыма кечиримдүү жана жумшак болууга чакырып: "Аллах Таала кайрымдуу, бардык иште кайрымдуулукту жакшы көрөт" – деп айтчу.

Белекти кабыл алуусу жана конок күтүүсү
Адам баласынын жашоосуна оң таасирин тийгизүүчү, айрыкча коомчулук арасында, же үй-бүлөдө жүрөктү кубандырып, ортодогу махабатты бекемдей турган иштер бар. Мына ошолордун бири белек берүү. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси берилген белекти кабыл кылып жана ага жооп кайтарчу".
Берешен жана жоомарттык бардык пайгамбар жана элчилердин сыпаты. Ал эми пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) болсо алардын биринчи катарында турат. Анын мобул айтканы сөзүбүзгө далил: "Кимде-ким Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе, коногун күнү-түнү менен сыйласын. Конокту сыйлоо үч күн, андан ашканы садага болот. Үй ээси андан тажап кеткенче жүрө берүү конокко адал болбойт".
Аллахка ант, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мүнөзүндөй көркөм, кемчилиги жок мүнөздү жер бетинде эч кимден кезиктирүүгө болбойт. Төмөндө бул айтканыма далил болчу окуяга көз сал. Сахл бин Саьд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) бир аял токулган чепкенди алып келип, аны өз колу менен токуганын айтып белек кылды. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ага муктаж эле, аны кабыл алды да, кийип көрдү. Ошондо кимдир бирөө тигил кийимди сурап калды. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аны ошого кармата берди. Адамдар тигиге: Сен Аллахтын элчиси муктаж болуп турган нерсени, анын берешендигинен пайдаланып сурап алып, жакшы иш кылбадың – деп жемелешти эле, тиги: Мен буга муктаждыгымдан алган жокмун, менин кепиним ушул болсун деген ниетте алдым – деди. Айткандай эле, кийин тиги адам ошол кийимге кепинделди".
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) берешендигине, жоомарттыгына таң калба. Аны Жараткан Өзү тандап алып, Өзү тарбиялап, өзгөлөргө үлгү кылган. Хаким бин Хузам (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен Аллахтын элчисине суранып бардым, ал берди, кийин дагы бардым, дагы колумду куру кайтарган жок, үчүнчү жолу дагы сурандым, бул жолу да сураганымды берди да: "Хаким, дүнүйө деген көзгө ысык болот. Ким ага сугаланбай, кең пейил болсо, береке табат. Ким анын артынан кууса, берекеси кетет. Андай адамдар кудум жеп тойбогон соргок сыяктуу. Берүүчү кол алуучу колдон алда канча жакшы"  деди.

Жаабир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сураган адамга эч качан "жок" дечү эмес".
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жоомарттыгы колунда болгонун берүү менен эле чектелип калчу эмес. Анын берешендиги жүзүнөн билинип, отургандардын ар бирине жылмая карачу. Алардын ар бири Аллахтын элчиси аны аябай жакшы көрөт го деп ойлоп калчу. Жарир бин Абдулла (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Мен исламга киргенден бери Аллахтын элчисинин жылмая караганын гана көрүп жүрөм".  Жанында жүргөн адамдын ушул айтканы бизге жетерлик үлгү эмеспи?
Абдулла бин Харис (ага Аллах ыраазы болсун) болсо: "Аллахтын элчисинен ашыкча жылмайып жүргөн адамды көрбөдүм" – деп айтат.  Буга таң калуунун кереги деле жок, анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өзү: "Жолуккан адамыңа жылмая кароо – садага"  – деп айтып жатпайбы. Ал эми кызматчысы Анас (ага Аллах ыраазы болсун) болсо, пайгамбарыбыздын асыл сыпаттарына токтолуп, сураган адамды куру кол кайтарбаганын, жолуккан адамы өзү кеткенче, андан бурулуп кетпегенин, учурашкан адамы колун тартып алмайынча, андан озунуп колун тартып албаганын айтат.
Коногун сыйлап, ага жакшы мамиле кылуу менен бирге үммөтүнө ырайым кылып турчу. Ошон үчүн кандайдыр бир туура эмес ишти көрсө, аны дароо кайтарчу. Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Аллахтын элчиси бир адамдын колунан алтын шакекти көрө калып, аны анын манжасынан чыгарып жерге таштады да: "Силер эмне, колуңарга чок кармап жүрүүнү каалайсыңарбы?" – деп айтты.

Балдарды эркелетүүсү
Жүрөгү таштай катып калган адамдар мээрим, ырайым дегенди билишпейт. Алардын жүрөгүндө буга орун да жок. Ал эми Аллах Таала кимге жумшак, мээримдүү, боорукер жүрөк берсе, мына ошондон үлгү алуу зарыл. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси баласы Ибрахимди колуна алып жыттап, өпкүлөп жиберчү".  Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мындай мээрими жакындарына гана эмес, бардык мусулмандардын балдарына төгүлүп турчу. Жаьфардын жубайы Асма (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси биздин үйгө келди. Анан Жаьфардын балдарын жанына чакырып, аларды жыттап, өөп жатты. Ошондо анын көзүнөн жаш чыкканын көрдүм да: "Эмне, Жаьфарга бир нерсе болдубу?" – деп сурадым. Аллахтын элчиси: "Ооба, ал бүгүн шейит болду" – деди. Биз баарыбыз ыйлап жибердик. Аллахтын элчиси бизге көңүл айтып, анан жанындагыларга кайрылып: "Булардын үй-бүлөсүнө тамак даярдап бергиле, анткени алар азыр аза күтүү менен алагды болуп турушат" – деди".
Кимдир бирөөлөр каза болгондо пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) көзүнөн жашы куюлчу. Бир ирет аны көрүп калган Саьд бин Убада (ага Аллах ыраазы болсун): "Оо, Аллахтын элчиси, бул эмне?" – деп сурады эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Бул Аллах Таала пендесинин жүрөгүнө салган ырайым. Аллах Таала ырайымдуу пенделерин жакшы көрөт" – деп жооп берди.
Баласы Ибрахим кайтыш болгондо да пайгамбарыбыздын көзүнөн жашы куюлду. Аны көргөн Абдурахман бин Ауф: "Оо, Аллахтын элчиси, сиз да ыйлайсызбы?" – деп сурады. "Ой, Ауфтун уулу, бул ырайым. Көздөн жаш, көкүрөктөн муң чыгат. Раббибиз ыраазы боло тургандай сөздү гана айтабыз. Оо, Ибрахим, биз сенден ажыраганыбызга кайгыга баттык"  – деп айтты Аллахтын элчиси.
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мүнөзү көркөм эле. Андан үлгү алып, аны изи менен басуу кандай сонун. Тилекке каршы, биз азыр жаш балдарга болгон мээримдүүлүктү жоготуп алдык. Алар эртеңки аталар, үммөттүн туусун көтөрчүлөр, биз аны унуттук, илимсиздик, текеберлик менен мамиле кылып, балдарга жакшы көңүл бөлбөй калдык. Жүрөгүбүз жабык боюнча калды. Ал эми Аллахтын элчисинин ачкычы колунда жана тилинде эле. Балдарды сүйүп, эркелетип, мээримин төгүп турчу. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) жаш балдардын жанынан өткөн сайын аларга салам берип, анан: "Аллахтын элчиси ушундай кылчу"  – деп айтып калар эле.
Жаш балдардын тентектигине, алардын ызы-чуусуна карабастан, Аллахтын элчиси аларды урушпайт эле, катуу айтпайт эле. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси жаш баланы колуна алып турганда анын кийимине заара кылып салды эле, аны жуубай эле суу куюп тазалады".
Азыр Аллахтын элчисинин куттуу үйүндө туруп, балдарың менен акыркы жолу тамашалашып ойногонуңду, кичинекейиңди эркелеткениңди, алардын күлкүсүнө кошулуп күлгөнүңдү эстей аласыңбы? А, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) болсо мунун баарын кылчу. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси небереси Хасанга тилин чыгарып эркелетчү...".
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси Умму Саламанын кичинекей кызы Зайнап менен ойноп: "Зувайнап, Зувайнап, кач!"  деп кубалоочу. Балдарга болгон мээрими ушунчалык, эң зарыл болгон ибадатта да аларды унутчу эмес. Намаз окуп жатканда кызы Зайнаптан болгон небересин көтөрүп алчу. Сажда кылганда жерге коюп, турганда кайра колуна алчу.  Махмуд бин Робиь (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Беш жашымда Аллахтын элчиси биздин короодогу кудуктан чакага суу алып мага чачып ойногону эсимде".
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кичинеге да, чоңго да таалим берер эле. Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчисинин артында улоосуна учкашып бара жатканмын. Ал мага: "Эй, бала, мен сага буларды үйрөтөм: Аллахты сактасаң, Ал сени сактайт. Аллахты сактасаң, Аны бет келген жерден табасың. Эгер сурасаң, Аллахтан гана сура, эгер жардамга муктаж болсоң, (Аллахтан гана жардам үмүт кыл" деп осуят кылды.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кээ бир сыпаттарына жана өмүр таржымалына күбө болгондон кийин, биздин да жүрөгүбүз ойгонуп, анын изи менен басабыз го деген үмүттөмүн. Үйүбүз жаш балдар менен нурланат. Балдарыбыз атанын камкордугуна, эненин мээримине муктаж. Алардын жүрөгүнө кубаныч киргизип, мээрим тартуулап өстүрүү зарыл.

Сабырдуулугу, жумшактыгы жана кечиримдүүлүгү
Кол салуу, мажбурлап тартып алуу залымдыктын эң жаманы. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ар бир адамдын акысын өзүнө калтырчу адилеттүү эрежелерди алып келген. Аллахтын буйругун да, тыюусун да жакшылык менен жеткирген. Биз анын үйүндө отуруп, эч кандай залымдыктан, кол салуудан, мажбурлоодон, талап-тоноодон коркпойбуз. Айша энебиз ( ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси эч кимди урган эмес, аялына да, кызматчысына да кол көтөрчү эмес. Аллах жолунда жихатка чыкканда гана кол шилтөөчү. Өзү үчүн эч нерсеге ачууланчу эмес, эгер Аллахтын чеги бузулса, ошондо гана Аллах үчүн ачууланчу".
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Бир жолу Аллахтын элчиси менен бара жатканбыз. Ал жакасы жоон жип менен жээктелген Нажрандык чепкенин кийип алган болчу. Бир убакта артыбыздан бир тоолук адам келди да,  пайгамбарыбыздын чепкенинен катуу кармап: «Оо, Мухаммад, мага да Аллахтын казынасынан бөлүп берүүгө буйрук бер» - деди.  Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ийнине чепкендин кыры өтүп кызарып чыкканына карабастан, күлүп жиберди да, ага бир нерсе берүүгө буйруду".
Хунайн казатынан кайтып келе жатканда бир топ чөлдүк адамдар пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) келип суранып, аны дарактын жанынан жылдырбай, чепкенинин этегине жармашып алышты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аларга кайрылып: "Чепкенимди коё бергиле, мени эмне сараң деп ойлойсуңарбы? Эгер ушул дарактын сөңгөгүндөй кен байлыгым болсо, ошону да силерге бөлүп бермекмин, ошондо мени сараң, жалганчы, коркок деп ойлобой калат элеңер" – деди.  Бул таалим-тарбия берүүнүн, баардык иште жумшак, кечиримдүү болуунун жолун үйрөткөн эң сонун сабак. Сахабалар кимдир бирөөнүн кемчилигин көрсө, аны дароо жоюуга аракет кылып, ага катуу айтууга шашылышат эле. Бирок пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аларды токтотуп, бул ишти кылып жаткан адамдын билбестигин эскертип, ага сылык мамиле кылууга үндөчү. Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир жолу чөлдөн келген бир киши мечиттин ичине эле заара кылып салса болобу. Аны көргөн сахабалар ачууланып, аны жакшы эле жазаламакчы болушту эле, Аллахтын элчиси аларды токтотуп: "Ага тийишпегиле, чака менен сууп алып келип жууп салгыла. Силер оорлотуу үчүн эмес, жеңилдетүү үчүн келгенсиңер " деди.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) дин жайылтууда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болду, бирок алардын баарына сабыр кылды. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун): Ухуттан да катуу азап чеккен күнүңүз болду беле? - деп сурады пайгамбарыбыздан. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Сенин коомуңа барганда катуу азапка батканмын. Максатымды эч ким укпады жана жооп бербеди. Андан кайгырып кайттым. Жолдо келе жатканымда үстүмө көлөкө түштү, карасам Жебирейил экен. Ал мага: "Аллах Таала тигилердин кылык-жоругун укту да, сага тоо периштесин жиберди. Аны каалаган ишиңе буйру" – деди. Анан мага тоо периштеси салам айтып: "Мухаммад, Аллах Таала коомуңдун сага кайтарган жообун укту. Мен тоолордун периштесимин.  Раббиң мени сага жиберди, мени каалаган нерсеге буйру. Эгер кааласаң мына бул эки тоону алардын үстүнө коңторуп жиберейин" – деди. Мен: "Жок, мен мына ушулардын урпагынан жалгыз Аллахка сыйына турган такыба адамдарды чыгаруусун Аллахтан үмүт кылам" деп айттым" - деди.
Кээ бир адамдар азыркы учурда дин жеткирүүдө шашылышат, баардык нерсенин бат эле оңолуп кетүүсүн каалайт. Ушунун айынан жолу болбой, көздөгөн максатына жете албай калышат. Үмүт кылуу, сабыр кылуу деген кайда калды? Бир канча жылдардан кийин пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) көздөгөндөрү ишке ашпадыбы.
Ибн Масуьд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси кайсы бир пайгамбар тууралуу айтып жатканы дагы эле көз алдымда турат. Аны эли уруп, бети-башы канга боёлуп турса да, бетин сүртүп: "Аллахым, буларды кечире көр, булар билбестен ушинтип жатышат" деген экен".
Бир күнү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сахабалары менен жаназада турса, ага Зайд бин Суьна деген жөөт басып келди. Аллахтын элчиси андан карыз алган экен. Тиги үтүрөйгөн жүзү менен карап: "Эй, Мухаммад, менин акымды бербейсиңби!? – деп кыйкырды. Адамдарга бул өтө катуу тийди. Азирети Умар (ага Аллах ыраазы болсун) ачуусунан буулугуп, чыдабай кетти. "Эй, Аллахтын душманы! Сен Аллахтын элчисине ушундай мамиле жасайсыңбы!?  Аллахка ант, эгер жемеге калуудан этият кылбаганымда, мобуреки башыңды кыя чапмакмын! – деди ал ачууланып. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аны оор басырыктуулук менен токтотуп: "Умар, бул экөөбүз мындан башка нерсеге муктажбыз: мага жакшы кайтарып берүүнү, буга болсо жакшы кабыл алууну буйругун. Аны менен барып, ага акысын бер, баса, жыйырма саа курманы ашыкча кылып бергин" – деди. Азирети Умар тигиге жыйырма саа ашыкча бергенде, тиги эмне үчүн мындай кылганын сурады. Муну Аллахтын элчиси, аны жекиргениң үчүн кошумча кылды – деди Азирети Умар. Сен мени тааныйсыңбы, ия, Умар – деди тиги. Жок, сен кимсиң? – деп сурады Азирети Умар. Мен Зайд бин Сунаьмын – деди тиги. Аа, кечилсиңби? – деп сурады Азирети Умар. Ооба, кечилмин – деди тиги. Аллахтын элчисине жанагындай мамиле кылууга эмне түрткү болду? – деп сурады. Тиги: Умар, мен Аллахтын элчисинин жүзүнө үңүлө караганда анын пайгамбарлык белгилерин байкадым, бирок эки гана белгисин көрө албадым: ачуусун жумшактыгы басып кетеби, мына ушуну сынап көрөйүн дедим. Умар, мен сага күбөлүк берип айтам, Аллах Таала -  Раббим экенине, Ислам - диним экенине, Мухаммад - пайгамбарым экенине ыраазымын. Малымдын тең жарымын Мухаммаддын үммөтүнө садага кылдым, сен буга күбө бол – деди. Анан пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) келип келме келтирип мусулман болду".
Мына ушул окуядан адамдарды жумшактык, кечиримдүүлүк менен динге чакырууну, сабырдуулукту өрнөк алсак кана? Эгер алар туура болсо шыктандырып, кылгандары үчүн мактап, көңүлүн көтөрүү зарыл. Айша энебиз (ага Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси менен бирге умра кылуу үчүн Мадинадан Меккеге бардым. Анан ага: Ата-энем сага садага болсун, оо, Аллахтын элчиси, мен (мусапыр болгончо) намазымды толук окудум, кийин (касыр кылып) кыска да окудум, мүмкүнчүлүгүм болгондо орозо да кармадым, кээде оозум ачык да жүрдүм, - десем, ал: "Айша, сен туура кылгансың" деп, мени жемелебеди".

Тамактануусу
Бул үммөттүн пайгамбары, анын кол алдында шаарлар, элдер бар. Ага жүк артылган кербендер байма-бай келип турат. Алтын-күмүш ашып-ташкан учурлар көп. Кантип ойлойсуң, ушул адамдын ичип, жегени кандай болгон? Падышалардын жашоосундайбы, же андан да артыкпы? Байлар сыяктуубу, же алардан да ашып түшөбү? Төмөндөгү  хадисти укканда сен ага таң калбай эле кой. Анткени сөз пайгамбарлардын акыркысы, элчилердин төрөсү жөнүндө болуп жатат. Анас бин Малик (ага Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) түшкү же кечки тамагында дасторконго эт менен нан бирге коюлган учур кээде гана болот эле".  Тагыраак айтканда, кээде гана курсагы тоё жечү, же конок келгенде гана ушундай жегенге туура келчү.
Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үй-бүлөсү катары менен эки күн арпа нанды тоё жеген күн болгон эмес. Аллахтын элчиси ушинтип жүрүп өтүп кетти",  дагы бир айтымда: "Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үй-бүлөсү Мадинага келгенден бери, ал бул дүйнөдөн өткөнчө үч күн катары менен ток жүргөн учуру болбоду".
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жегенге эч нерсе таба албай, ачка уктаган учурлары көп болгон. Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси жана анын үй-бүлөсү бир канча күн ачка уктаган учурлары болгон. Алардын жеген наны арпанын унунан болчу".  Мындан пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жөнөкөйлүгүн жана жупуну жашоо кечиргендигин дагы бир жолу байкасак болот.
Укба бин Харис (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси биз менен бирге дигер намазын окуду. Анан шашылып үйүнө кирип чыкты да: "Үйгө садагага келген алтынды коюп койдум эле, унутулуп кечке калып калуусунан чочулап алып чыктым" деп, анысын бөлүп берди.  Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчисинен суралган нерсе берилбей калчу эмес. Бир жолу ага бир адам келди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ага коктуда жайылган жандыктарды берди. Тиги коомуна барып: "Исламды кабыл кылгыла, Мухаммад сураганыңарды берет" – деп жарыя кылды".
Мына ушундай берешендик, айкөлдүк кылган адамдын өзүнүн кандай тамактанганына бир кулак сал. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үстөл үстүндө отуруп тамактанган эмес жана жумшак нан жеген эмес".  Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип эскерет: "Бир жолу Аллахтын элчиси келип: "Жегенге бир деме барбы?" деп сурады. Мен эч нерсе жок экенин айттым. Ал: "Мен орозо кармадым" деди".  Ал үй-бүлөсү менен бир-эки айлап суу менен курмадан башка эч нерсе жебей жашоо кечирчү.
Тамагынын аздыгы, жашоосунун жупунулугуна карабастан, ислам адеби менен сугарылган, көркөм мүнөзү менен Аллахтын бергенине шүгүр кылууга үйрөтөт эле. Тамак даярдаган адамга жакшы жасабаса да ырахмат айтат эле. Тамакты айыптабайт эле, бар нерсени кайтарбайт эле, жок нерсени талап кылбайт эле. Ал үммөттүн пайгамбары, анын кам-пикири курсагы эмес эле.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: (Аллахны элчиси эч качан тамакты айыптаган эмес, жакса жеп, жакпаса калтырып койчу".  Тамактануу жөнүндө шейхул ислам Шейхул Ислам кыскача буларга токтолот: "...ал эми кийинүү жана тамактануу боюнча, жолдун эң жакшысы Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жолу. Эгер жегиси келсе, жеңил тамактанчу. Бар тамакты кайтарчу эмес, жокту сурачу эмес. Эгер алдына нан менен эт келсе, жечү. Эгер мөмө-чөмө, нан жана эт келип калса, аны да жечү. Эгер курма же нан эле болуп калса, аны да жечү. Эки түрдүү тамак келип калса, муну жебеймин деп айтчу эмес. Таттуу, шириндик тамактардан да баш тартчу эмес. Хадисте: "...мен болсо орозо да кармайм, оозумду да ачам. Түндө турам, бирок уктаймын дагы. Аялдарга үйлөнөм. Эт жеймин, ким менин сүннөтүмдөн баш тартса, ал менден эмес" деп айтылат.
Аллах Таала таза нерсени жегенге жана Ага шүгүр кылууга буйруган. Ким таза нерсени өзүнө арам кылып алса, ал чектен чыгуучу болот. Ким шүгүр кылбаса, ал Аллахка ыксыз ысырап кылган болот. Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жолу жолдордун адили жана түзү. Андан кыйшайгандар эки тарапка ооп кетет: биринчиси, ысырапкорлук менен жеп-ичип, кумарына ээрчип, милдетин унутат. Экинчиси, таза нерселерден баш тартып, шариятта жок кечилдик жашоого өтөт. Исламда кечилдик жок.
Шейхул Ислам дагы минтип айтат: "Бардык адал нерселер таза, бардык таза нерселер адал. Аллах Таала бизге таза нерселерди адал, ыплас нерселерди арам кылган. Тазалыгы даамы жана пайдалуулугу менен болот. Аллах бизге зыяндуу нерсенин баарын арам кылган, бизге пайдалуу нерсенин баарын адал кылган. Адамдар тамактанууда, кийинүүдө, ачкалыкта жана токчулукта ар түрдүү болушат. Бир эле адам да ар түрдүү абалда болот. Бирок, амалдардын жакшысы Аллахка баш ийилгени жана ээсине пайдалуусу".

Башкалардын беделин түшүрүүдөн сактануусу
Отуруштардын эң пайдалуусу илим алууга жана зикир кылууга отуруу. Эгер мындай отуруштун мугалими үммөттүн пайгамбары болсо, буга эмне дейсиң? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) отурган жеринде катадан кайтарып, билбегенге үйрөтүп, бейкапарга эскертип, жакшы сөз сүйлөгөнгө кулак төшөп, кыйбат, ушак, доомат дегендерге жол берчү эмес. Мына ушунусу менен башкаларга тил тийгизүүдөн, башкалардын абийирин ачуудан тыйып турчу. Утбан бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси биз менен намаз окуп, анан: "Малик бин Дахшам көрүнбөйт да?" – деп сурап калды. Бир адам: Ал эки жүздүү, Аллахты да, Анын элчисин да жактырбайт – деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тиги кишиге карап: "Минтип айтпа, ал Аллахтын ыраазылыгын тилеп "Лаа илааха ил-лаллах" деп келме айтып жүрбөйбү!?  Ким бул келмени Аллах үчүн чын ыкласынан айтса,Аллах аны тозокко киргизбейт" – деп эскертти.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жалган күбөлүк берүүдөн, бирөөнүн беделине сөз тийгизүүдөн тыят эле. Абу Бакр (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлаган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Силерге чоң күнөөлөрдүн ана башын айтып берейинби?" деп сурады сахабаларынан. Алар: "Айтыңыз" – дешти. " Аллахка шерик кошуу, ата-эненин каргышына калуу" деп сөз баштады да, Аллахтын элчиси жамбаштаган кейпинен өйдө болуп отура калып: "Жалган күбөлүк берүү, жалган күбөлүк берүү..." деп бир канча жолу кайталап жибергендиктен, сахабалар "эми токтоп калгыдай эле" тилеп жиберишти.
Айша энебизди (ага Аллах ыраазы болсун) абдан жакшы көргөнүнө карабастан, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аны да башка бирөөлөрдү кыйбат кылуудан тыйчу. Бул тууралуу Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат:  Бир жолу Аллахтын элчисине Сафиянын боюнун кыскалыгы тууралуу айтып калдым. Ошондо Аллахтын элчиси ачууланып: "Сен өтө оор сөздү айтып жатасың, эгер муну деңизге ыргытсаң анын суусун булгап жиберет" – деп айтты.
Башкалардын беделине сөз тийгизүүдөн өзүн кармана алган адамдарга сүйүнчү катары пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Кимде-ким башка бирөөнү кыйбат кылуудан өзүн тыя алса, Аллах Таала аны тозок отунан азат кылат".

Аллах Тааланы зикир кылуусу
Эң алгачкы тарбиячы болгон пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ибадаты жана Аллах менен байланышы өтө жогору болгон. Ал убактысын текке кетирбей Аллахка мактоо, шүгүр, кечирим айтуу менен өткөргөн. Чынында, (Аллах Таала анын мурдагы жана кийинки күнөөлөрүн кечирген эле, ошого карабастан, шүгүр кылуучу пенде, ыраазы болчу пайгамбар, мактоочу элчи катары Раббисин таанып, ага жалынып, дуба кылып, убактысын туура пайдаланчу жана үммөтүн да ушуга чакырчу. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Пайгамбарыбыз Аллах Тааланы баардык убакта зикир кылып турар эле".  Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси бир орунда отуруп жүз жолу "Раббим мени кечир, тобомду кабыл кыл, Сен – Тоболорду кабыл кылуучу, Ырайымдуусуң" деп айтканын укчубуз".
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлаган хадисте болсо, Аллахтын элчиси минтип айткан: "Аллахка ант берип айтам, бир күндө Аллахка жетимиштен көбүрөөк истигфар айтып, тобо кылам".
Момундардын энеси Умму Салама (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси көп айткан дуба "Оо, жүрөктөрдү өзгөртүүчү Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл" деген дуба болчу".

Кошуналарына мамилеси
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кошуналары урмат-сыйга бөлөнүп турчу. Анткени кошунанын даражасы анын алдында бийик болчу. Кошунанын акысы тууралуу "Жебирейил мага кошуна тууралуу ушунчалык көп осуят кылгандыктан, эми кошуна кошунадан мурас алып калат го деп ойлоп калчумун" деп айтканы бар.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүйүктүү сахабасы Абу Зарга: "Эгер шорпо кайнатсаң, суусун көбүрөөк куюп, кошунаңа да берүүнү унутпа" – деп осуят кылган.
Кошунага зыян тийгизүүнүн кесепетин эскертип: "Жаман адаттары менен кошунасынын тынчын алган адам бейишке кирбейт" – деп айткан.  Ошондой эле "Кимде-ким Аллахка жана Кыямат күнүнө ишенсе, анда кошунасына жакшы мамиле жасасын" – деп осуят кылган.

Жакшы мамиле
Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: " Эгерде Аллахтын элчиси кимдир бирөөнүн кемчилиги тууралуу угуп калса, "Баланчанын абалы кандай болот?" деп анын атын атоочу эмес, жөн гана "Ушундай адамдардын абалы кандай болот?" деп кыйыр эскертчү".
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Аллахтын элчисине бир адам келди. Анын кийиминде (аялдардын атырынын) сары тагы бар эле. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) кимдир бирөөдөн өзүнө жакпаган нерсени көргөндө аны оройлук менен айтып салчу эмес. Тиги киши чыгып кеткенден кийин бизге кайрылып: "Бул кишиге жанагы такты жууп тазалап алсын деп айтып койсоңор жакшы болот эле" – деди.
Ибн Масуьд (ага Аллах ыраазы болсун) жеткирген хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан: "Силерге кимге тозок жана ким тозокко арам болорун айтып берейинби? Жакындарына жумшак, сылык, жеңил мамиле кылуучулар".

Укукту сактоо
Адам баласынын моюнунда акылар көп. Аллахтын акысы бар, үй-бүлөсүнүн акысы бар, башка адамдардын акысы бар. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) булардын баарын аткарууга кантип жетишип, убактысын кантип ажыраткан?
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин үйүнө үч адам келди. Алардын максаты анын ибадаты кандай болгонун билүү эле. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ибадаты тууралуу уккандан кийин, өздөрүн кемчиликтүү сезип, эгер пайгамбар ушундай ибадат кылса, биздин абалыбыз эмне болот деген ойдо калышты. Анан алардын бири мындай деди: "Мындан кийин мен түнү менен уктабай ибадат кылып чыгам". Экинчиси болсо: "Мен калган өмүрүмдү орозо менен өткөрөм" деди. "А, мен болсо, өмүр бою үйлөнбөй өтүп кетем" деди үчүнчүсү. Кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алар тууралуу угуп калып, аларга келди да мындай деди: "Жанагыдай сөздөрдү айткан силерсиңерби? А мен болсо, Аллахка ант берип айтамын, силерге караганда Аллахтан көбүрөөк корком, көбүрөөк такыбалык кылам, бирок орозо да кармайм, оозум ачык да жүрөм. Намаз да окуймун, жатып уктаймын дагы жана аялдарга үйлөнөм. Мына ушул менин сүннөтүм, ким андан баш тарса, ал менден эмес".

Эр жүрөктүүлүгү жана чыдамкайлыгы
Аллахтын элчисинде (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) динди колдоо, Аллахтын сөзүн бийик кылуу үчүн кажыбас кайраты жана эр жүрөктүүлүгү бар болчу. Мындай сыпатты Аллах Таала ага ылайыктуу орунда колдонуу үчүн ыйгарган. Анткени Аллахтын элчиси ылайыксыз жерде эч качан күч колдонгон эмес. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Аллахтын элчиси аялдарга да, кызматчыларга да, деги эле эч кимге кол көтөргөн эмес. Жихатка чыкканда гана кол шилтөөчү".
Аллахтын элчисинин баатырдыгын ушундан бил, ал өзү жалгыз жалпы Курайш каапырларына туруштук берип дин таркаткан. Ал жалгыз, элдин баары ага каршы болгон. Ошондо да Аллахка таянып, тобокел кылып, динге чакырган, элдер качканда ал бекем турган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Хира үңкүрүндө өз алдынча ибадат кылып жүргөндө ага эч ким катылган эмес. Качан гана бир Кудайга сыйынууга чакырып, сыйынууга Аллах Таала гана ылайыктуу экенин айта баштаганда, ага баары каршы чыкты. Куранда: "Биз буларга Аллахка жакындоо үчүн эле сыйынабыз" деп сыпатталагандай Курайштер бир канча буттарды ортомчу кылып, ошолорго ибадат кылышчу. Ошол эле убакта алар Аллахтын жалгыз жаратуучу экендигине ишенишет эле. Азыркы учурда да мусулмандар арасында ушундай ширктер толтура. Арбактарга дуба кылышат, аларды ибадатта ортомчу кылышат. Алардан коркушат, алардан жакшылыкты үмүт кылышат. Ошентип отуруп өлүктөрдү эч качан өлбөй тургандай ыйыктап, Аллахтан четтеп кетишет. "Ким Аллахка шерик кошсо, Аллах аны бейишке киргизбейт, анын жайы -  тозок".
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үйүнөн сыртка чыгып, түндүк тарапты карасаң, Ухуд тоосун көрөсүң. Мына ушул тоодо Аллахтын элчиси чыныгы эр жүрөктүүлүгүн көрсөткөн. Кагылышууда азуу тиш сынып, чекеси жарылып, катуу жаракат алганына, жанында аз гана сахабалар калганына карабастан, артка качпай душманга туруштук берген. Сахл бин Саьд (ага Аллах ыраазы болсун) анын жаракаты тууралуу мындай дейт: "Мен пайгамбардын жаракатын ким жууп, ким суу куюп, ким таңганын жакшы билем: кызы Фатима жууп, ага Азирети Али суу куюп берген. Кан сууга токтобой кайра-кайра чыга бергенде Фатима курмушуну күйгүзүп жаракатка басты. Аллахтын элчисинин азуу тиши сынып, бети жаракаттанып, чекеси жарылган эле".
Аббас бин Абдулмуталип (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин Хунайн салгылашуусунда көрсөткөн эрдигин мындайча сүрөттөйт: "Мусулмандар артка качып жатканда Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) качырын камчыланып душманга көздөй умтулду. Мен качырдын тизгинин кармап, каапырларды аралап кирип кетпесин деп чочулап жаттым. Ошол убакта Аллахтын элчиси: "Мен жалганы жок пайгамбармын, мен Абдулмуталибдин уулумун" деп өктөм сүйлөдү.  Ал эми баатырлардын баатыры Азирети Али (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "Эки кол беттешип, уруш башталганда биз Аллахтын элчисинен чочулай баштадык. Ошол учурда душмандарга андан жакын кирип барган адам жок эле".
Аллахтын элчисинин дин таратуудагы сабырдуулугуна көптөгөн мисал келтирип, өрнөк алсак болот. Ошонун натыйжасында Аллах Таала динди бекемдеп, арап жарым аралынын чегинен чыгып, Шам өлкөлөрүнө, Орто Азияга чейин жетип, айтор дин баш бакпаган не ылай, не кийиз үй калбады.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айтат: "Мени Аллахтын дини үчүн азаптайбыз, өлтүрөбүз деп коркутушту,  андай коркунучка эч ким кабылган эмес. Аллах жолунда азап чектим, андай азапты эч ким тарткан эмес. Арадан отуз күн, отуз түн өтсө да  Билал экөөбүз  эт ооз тийчү эмеспиз. Болгону Билал колтугуна кысып алчудай гана болор-болбос тамагыбыз болчу".
Аллах Таала ага бир канча жеңишти буйруп, олжого, мал-мүлккө марыганына карабастан, алтын да, күмүш да мурас калтырган жок, анын мурасы илим жана дин болду. Ким мына ушул мурасты алууну кааласа, андан алып калууга шашылсын.
Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси динар да, дирхем да, кой да, төө да калтырбады жана эч нерсени мурас кылбады".

Дуба кылуусу
Дуба – бул, үлкөн ибадат. Аны Аллахтан башкага багыштоого болбойт. дуба Аллахка муктаждыктын ачык белгиси, сыйынуунун башаты, пенденин алсыздыгынын далили, анда Аллахты улуктоо, Анын берешен жана жоомарттыгын  моюндоо бар. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Дуба – бул, ибадат"  деп айткан.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Аллахка муктаж экендигин көрсөтүп, өтө көп дуба кылчу.
Бир дубасында минтип айтчу: "Аллахым, ишимдин негизи болгон динимди оңдо. Жашоом өтүп жаткан дүйнөмдү оңдо. Кайтып бара турган акыретимди оңдо. Жашоомду жалаң жакшылыкка толтур жана өлүмүмдү жамандыксыз, ырахаттуу кыл".  Дагы бир дубасында минтер эле: "Аллахым, Сен асман жерди Жаратуучу, ачык жана купуяны Билүүчү, бардык нерсенин ээси жана падышасысың. Сенден башка сыйынууга ылайыктуу зат жок экенине күбөлүк берем. Сенден мени напсимдин жамандыгынан, Шайтандын жамандыгынан жана ширкинен коргоону суранамын".  Дагы бир дубасында минтип айтчу: "Аллахым, Улуктугуң менен мени арам иштериңден сакта жана Артыкчылыгың менен Өзүңдөн башкага таянтпа".  Ошондой эле: "Аллахым, мени кечир, мага ырайым кыл жана Өзүңө (жеткир) кабыл ал".
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) Раббисине кыйынчылыкта да, жайчылыкта кайрылып көп-көп дуба кылчу. Бадр согушунда мусулмандарга жеңиш, бутпарастарга кыйроо сурап колун бийик көтөрүп дуба кылганда, кийими ийининен шыпырылып кеткенче турбадыбы? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өзү үчүн, үй-бүлөсү үчүн, сахабалары үчүн жана жалпы мусулман үммөтү үчүн дуба кылар эле.

Зыяраттын соңу
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) куттуу хадистерин кулакка күмүш сырга кылып, анын өмүрүнө, жихатына, башынан өткөргөн балээ-азаптарына күбө болгондон кийин, ага карата аткаруубуз зарыл  болгон бир канча милдеттерибизди билип алганыбыз оң. Биз, мусулман үммөтү төмөнкүлөргө милдеттүүбүз:
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) чын жүрөктөн ыйман келтирип, ыйманыбызды тилибиз менен да, амалыбыз менен да далилдешибиз керек. Ал алып келген иштин баарына ишенүүбүз зарыл. Ага баш ийип, ал тыйган нерселерден тыйылуубуз керек. Анын өкүмдөрүнө ыраазы болуп, даражасын аша чаап көтөрүп же түшүрүп жибербей өз ордунда сактообуз кажет. Баардык иштерде аны өрнөк тутуп, үлгү алуубуз зарыл. Башкалардан, бала-чакабыздан, мал-дүйнөбүздөн жана баардык адамдардан аны артык көрөбүз. Аны урматтап, динине жардам берип, сүннөтүн калкалап мусулмандарга таркатабыз. Анын сахабаларына ыраазы болуп, аларга жаман сөз тийгизбей, өмүр таржымалдарын окуп тааныйбыз.
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүйүүнүн бир белгиси катары ага салам-салават жолдойбуз. Аллах Таала айтат: "Чындыгында, Аллах жана анын периштелери пайгамбарга салам-салават айтышат. Оо, ыйман келтиргендер, силер да ага көп-көп салават айткыла".  Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) болсо: "Күндөрдүн эң эле жакшысы Жума күнү; ушул күнү Адам ата жаратылган, ушул күнү сурнай тартылып, ушул күнү кыямат болот. Бул күндө мага көбүрөөк салават айткыла, силердин айтканыңар мага жетип турат" деп айтат, ошондо бир адам: Оо, Аллахтын элчиси, сенин сөөгүң чирип кетсе, кантип биздин саламыбыз сага жетсин? - деп сурайт. "Аллах Таала жерди пайгамбарлардын денесин жегенден тыйган" – деп жооп берет Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун).
Биз, мусулман үммөтү пайгамбарыбызга (ага Аллах ыраазы болсун)  салават айтууда сараңдык кылбашыбыз керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун)  айтат: "Менин атымды угуп туруп мага салам жолдобогон адам – чыныгы сараң адам".  Дагы бир хадисинде Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан: "Адамдар отурган жеринде Аллахтын зикир кылышпаса жана мага салават айтышпаса, аларга күнөө болот, Аллах кааласа азаптайт, кааласа кечирет".
Коштошуу
Биз, ыйманга буйруган, баш ийүүгө негизделген үйдү калтырып кетип жатабыз. Ийгилик каалаган адамга мугалим, туура жол каалаган адамга багыт көрсөтүүчү болуп пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүннөтү калды. Биз эми өткөн аалымдардын сүннөттү кантип сактаганын жана сүннөттү сактоого кандай аракет жасашканын карап көрөлү.
Имам Ахмад бин Ханбал (Аллах аны ырайымына бөлөсүн) минтип айтат: "Мен өзүм амал кылбай туруп бир да хадис жазбадым. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) хижама кылдырып, аны жасаган Абу Тойбага акысын бергенин жазганымда, мен дагы хижама кылдырган адамыма акысын бердим".
Абдурахман бин Махди айтат: Суфяндын минтип айтканын уктум: "Мага пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жеткен хадистердин бирине да амал кылбай калбадым". Муслим бин Ясар айтат: "Мага чокойумду чечип коюу жеңил болуп турса да, чечпей намаз окуймун. Мындай кылуума сүннөт гана түрткү болду".
Урматтуу бир тууганым, сөзүмдүн акырында сен үчүн дагы бир куттуу хадис; бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Баардык үммөтүм бейишке кирет, бирок баш тарткандар гана кирбейт" – деп айтты. "Оо, Аллахтын элчиси, баш тарткандар кимдер", - деп сурашты сахабалар. "Ким мага баш ийсе, бейишке кирет, ким мага күнөөкөр болсо, ал баш тарткан болот", - деп жооп берди Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун).
Аллахым, бизди пайгамбарыңды сүйүүчүлөрдөн жана туура жолго ылайыктуулардан кыл. Адашуучу жана адаштыруучу кылба. (Аллахым, пайгамбарыбызга күнү-түнү салаваттар айтылсын. Аны менен Фирдаус бейишинде чогуу болууну, аны көрүп көзүбүз кубанууну, эч качан чаңкаттырбаган хавзу булагынан суу ооз тийүүнү насип кыла көр.
Ага, анын үй-бүлөсүнө жана жоро-жолдошторуна Аллахтын тынчтыгы жана ырайымы болсун.

 

 

Мазмуну
Кириш сөз    2
Зыярат    7
Мусулман бир тууганым:    7
Саякат    10
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сырткы келбети    16
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүйлөгөнү    19
Үйдүн ичинде    21
Тууганчылыгы    25
Пайгамбарыбыз (ага (Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үй ичинде    29
Жол көрсөтүүсү    32
Кыздары    38
Аялдарга мамилеси    43
Аялдар ортосундагы адилеттиги    47
Тамашалоосу    53
Уйкусу    56
Түнкү намазы    60
Таңкы намаздан кийин    63
Духа намазы    65
Үйдө окулчу нафил намаздар    66
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ыйы    67
Кичипейилдиги    69
Кызматчысына мамилеси    74
Белекти кабыл алуусу жана конок күтүүсү    77
Балдарды эркелетүүсү    83
Сабырдуулугу, жумшактыгы жана кечиримдүүлүгү    88
Тамактануусу    97
Башкалардын беделин түшүрүүдөн сактануусу    103
Аллах Тааланы зикир кылуусу    106
Кошуналарына мамилеси    108
Жакшы мамиле    109
Укукту сактоо    111
Эр жүрөктүүлүгү жана чыдамкайлыгы    113
Дуба кылуусу    118
Зыяраттын соңу    120
Коштошуу    124
Мазмуну    Error! Bookmark not defined.